20

Октябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев: “Өкмөт кышка толугу менен даяр”

Бүгүн, 20-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Биринчи радионун толкунунда түз ободо жарандардын суроолоруна жооп берди. Түз ободогу берүүнүн жүрүшүндө Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күз-кышкы сезонго даярдыгы жана бул жаатта аткарылып жаткан иштер боюнча айтып берип, жарандардын суроолоруна жооп берди. Темир Сариев күзү-кышкы сезонго карата энергетика жана жылуулук системасындагы жабдыктар толугу менен оңдоодон өткөрүлүп, көмүр, мазуттун керектүү сандагы запасы даярдалганын билдирди. “Кышкы сезонго толугу менен даярдык көрүлдү. Быйыл кышында электр энергиясы, жылуулук жана жаратылыш газы үзгүлтүксүз берилет”-деди Темир Сариев. Ошондой эле Премьер-министр кыш мезгилинде электр энергиясынын өндүрүлгөн көлөмүнөн ашыкча пайдалануу болуп жатканын белгилеп, бул жаатта жарандар электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Быйыл Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы линиясы бүткөрүлүп, энергетикалык көз карандысыздыкка жетишкенин белгилеген Темир Сариев алдыда Кара-кече көмүр кенин комплекстүү иштетүү, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курулушун аяктап, пайдаланууга берүү, Камбар-Ата 2 ГЭСин пайдаланууга берүү боюнча пландар бар экенин билдирди. Премьер-министр Темир Сариев мындан соң ар жуманын шейшемби күндөрү Биринчи радионун толкунунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берип, түз ободо жарандар менен баарлашып турат.

  КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү