15
Январь
Премьер-министр Темир Сариев: «Өкмөт планы учурдагы чакырыктарга жооп бериши зарыл»
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 15-январдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында билдирди. Премьер-министрдин айтымында, 2015-жылдагы дүйнөдөгү геосаясий олуттуу окуялар, экономикадагы кыйынчылыктар Кыргызстандын экономикасынын өнүгүү темпине түз таасирин тийгизди.
«Былтыркы жыл сыноолор, кыйынчылыктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн жылы болду. Былтыр макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактап, өнүгүү 3,5% деңгээлинде болду. Ал эми 2015-жылы инфляциянын деңгээли 3,4%ды түздү. Бул көрсөткүчтөр Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу жакшы жыйынтык экенин көрүүгө болот», - деди Темир Сариев.
Темир Сариев 2015-жылдын жыйынтыгы менен КМШ өлкөлөрүндө улуттук валютанын олуттуу девальвациясы байкалып жатканын билдирди.
«Жыл башы менен салыштырганда казак теңгеси - 86,1%, орус рубли -39%, беларусь рубли - 56,3%, тажик сомониси- 38%, түркмөн манаты - 47%, ал эми улуттук валютабыз сом 32%га арзандады. ЕАЭСке мүчө өлкөлөр менен салыштырганда оң жыйынтыктарга Өкмөттүн антикризистик программасынын аткаруунун эсебинен ээ болдук. Мугалимдер жана мамлекеттик эмес кызматкерлердин айлык-маянасы көтөрүлдү. Ошондой эле мамлекеттик органдардагы ишти тартипке салуу өз таасирин тийгизди», -деди Темир Сариев.
Премьер-министр белгилегендей, дүйнөлүк базардагы абал күн сайын өзгөрүп, чакырыктар пайда болуп жатат, коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгы туулууда.
«Мындай шартта биз тез жана ыкчам чечимдерди кабыл алып, антикризистик чараларды көрүшүбүз керек. План антикризистик багыттардан тышкары былтыр Жогорку Кеңеш бекитип берген Өкмөттүн “Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” аттуу программасын ишке ашыруу боюнча чараларды камтыйт. Аталган программадагы 11 негизги багыт:-макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, инвестициянын жогорку деңгээлине жетишүү, экспортту илгерилетүү жана импорттун ордун алмаштыруу, аймактарды өнүктүрүү, калктын аз камсыз болгон катмарына камкордукту күчөтүү боюнча социалдык колдоо максатын көздөйт», - деди Темир Сариев.
Премьер-министр бул багытта Өкмөт тарабынан бир катар оперативдик чечимдер кабыл алынды. Темир Сариев аталган чаралардын катарына мамлекеттик ипотекалык компанияны түзүү; турак-жай жана автотранспортту камсыздандыруудан өткөрүү; экспортерлор үчүн сатуудан түшкөн салыкты этап-этап менен жоюу жана накталай төлөмсүз эсептер боюнча салык жоюу; айыл чарба өндүрүүчүлөр жана экспортерлер жеңилдетилген кредиттерди берүү сыяктуу чечимдер кирээрин атады.
Премьер-министр Темир Сариев 2016-жылга Өкмөттүн планы өлкө үчүн маанилүү болгон абдан көп иштерди өзүнө камтыганын билдирди. Алардын ичинде негизги милдет катары бааларды туруктуу кармап калуу; дедолларизация (доллар менен берилген кредиттерди сомго өткөрүү, импортту улуттук валютасында жүргүзүү; бизнести колдоо, экспортту өнүктүрүү жана импорттун ордун алмаштыруу, энергетикалык коопсуздук күчөтүү экенин Премьер-министр билдирди.
Ошондой эле Өкмөттүн планында жаңы ишканаларды ачуу жана учурдагы өндүрүштүк кубаттуулукту көбөйтүү, туризм тармагын өнүктүрүү, транспорттук инфраструктураны ишке ашырууну улантуу каралган.
Өкмөттүн 2016-жылга карата Ииш планы боюнча Экономика министри Арзыбек Кожошев маалымат берди. Анын айтымында, Иш планда 339 иш чара, анын ичинде 40 кризисттик чаралар камтылган. Планда ар бир мамлекеттик органдын алдына конкреттүү милдеттемелер коюлган.
Премьер-министр Темир Сариев жана көлөмдүү иштер пландалганын, бирок негизги иштер жылдын аягына коюлганын туура эмес экенин билдирди.
Ошондой эле Темир Сариев мамлекеттик органдардын арасында иш-чаралардын саны боюнча ачык ажырым сакталып калганын белгиледи.
Өкмөт жыйынында 2016-жылга Иш планы талкууланып, жактырылды.
[su_carousel source="media: 69784,69785,69786,69787,69788" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69455,69456,69457,69458,69459" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 68954,68955,68956,68957,68958,68959,68960,68961,68962,68963,68964,68965,68966,68967" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 67949,67950" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү