16
Октябрь
Премьер-министр Темир Сариев: «Өкмөттүн антикризистик программасы бар жана ал боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө»
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев бүгүн Өкмөттүн жумушчу жыйынында билдирди.
Жыйын жүрүшүндө Премьер-министр Өкмөт экономиканы өнүктүрүү боюнча бардык аракеттерди көрүп, бир катар иштер аткарылганын билдирди.
Премьер-министрдин маалыматына ылайык, акыркы 9 айдын ичинде өлкө экономикасы жетиштүү деңгээлде өнүгүү темпине ээ болгон жана ички дүң продукциянын көлөмү 6,3 пайызды көрсөткөн. Ал эми былтыркы жылдын ушул маалында аталган көрсөткүч 3,8 пайызды түзгөн.
«Ички дүң продукциянын өсүүсү бардык тармактарда камсыздалды. Мисалга, өнөр-жай тармагындагы өсүш - 17 пайызды, айыл чарба тармагында - 6 пайызды түзүп, ал эми курулуштун көлөмү 7 пайызга жогорулаган», - деди Темир Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр жыл башынан бери инфляциянын төмөнкү деңгээлде кармалып турганын кошумчалады. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында күнүмдүк керектелчү товарларга жана кызмат көрсөтүүгө карата баа 1 пайызга жогорулаган.
Темир Сариев кошумчалагандай, инфляциянын тенденциясын эске алуу менен жыл аягына чейин анын деңгээли Туруктуу өнүгүү стратегиясында көрсөтүлгөндөй, 7 пайыздан ашпайт.
«Салыштыруу иретинде билдирсек, учурда Россияда инфляциянын денгээли 10 пайызды, Беларуста 9 пайызды, Казактанда 3 пайызды төздү. Айрым эксперттер Евразия экономикалык биримдигине кошулган сон баалар көтөрүлөт деген билдирүүлөрүнө карабастан, инфляция кескин көтөрүлгөн жок. Ал эми бул уюмга кошулган соң өлкөдө экспорттун көлөмү 2 эсеге жогорулады», - деди Темир Сариев.
Муну менен катар Темир Сариев түз инфляциялардын көлөмү 500 миллион долларды түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3 эсеге көбөйгөндүгүн белгиледи.
Премьер-министр айрым серепчилер маалымат каражаттарына такталбаган маалыматтарды таратып жатканын билдирип, Өкмөттүн антикризистик программасы бар экенин ачыкка чыгарды.
«Улуттук экономиканы чыңдоо боюнча программанын алкагында Өкмөт антикризистик чараларды көрүп жатат. Бул боюнча атайын антикризистик штаб түзүлгөн. Анын негизинде 40 жакын антикризистик комплексттик чаралар каралып, аткарылууда. Ошондой эле ЕАЭБдин шартына адаптациялоо боюнча штаб иш алып барып, жума сайын оперативдүү түрдө маселелерди талкуулап, чечип жатат», - деп маалымдады Премьер-министр.
Темир Сариев экономикадагы көрсөткүчтөр боюнча ачык маалымат алууга мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, ал маалыматтар Улуттук статистикалык комитет тарабынан жарыяланганын билдирди.
[su_carousel source="media: 65148,65149,65152,65153,65154" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү