04
Декабрь
Премьер-министр Темир Сариев: “Коомдук кеңештер мамлекеттик башкаруу тутумунун ажырагыс бөлүгүнө айланды”
Бүгүн, 4-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жыл сайын өтчү конференциясына катышып, сөз сүйлөдү.
Өз сөзүндө Премьер-министр Темир Сариев өлкөдөгү демократиялык баалуулуктарды жайылтуу үчүн мамлекетти башкарууга жарандарыбызды катыштыруу маанилүү ролду ойноорун, учурда бул ролду мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери ээлеп жатканын билдирди. Ошондой эле коомдук кеңештерди түзүүнүн демилгечиси болгон экс-президент Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирди.
“Мамлекеттик бийликке карата жарандык коомдун көзөмөлүн күчөтүү максатында 2010-жылы 29-сентябрда мурдагы президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен ар бир мамлекеттик органдын алдында коомдук байкоочу кеңештер түзүлгөн эле. Бул кеңештер беш жыл аралыгында дагы бир демократиялык институт катары мамлекеттик башкаруу системасынын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Активдүү жарандык сектор мамлекеттик институттарды чыңдоо, алардын ишинин айкындыгын жана натыйжалуулугун камсыздоо ишинде өз ордун тапты. Мунун бардыгы бизге жакшы тажрыйбаларды топтоого мүмкүндүк берди”, - деди Темир Сариев.
Премьер-министр билдиргендей, коомдук кеңештердин демократиялык коомду өнүктүрүүдөгү маанисин эске алуу менен 2014-жылдын 24-майында “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” мыйзамына Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кол коюлган жана аны аткаруу Өкмөткө тапшырылган.
Темир Сариев бул жаатта 2014-жылдын ноябрында башталган 36 мамлекеттик орган үчүн коомдук кеңештин мүчөлөрүн тандап алуу иши жыйынтыкталып калганын жана анын алкагында 600 талапкердин ичинен 256 адам тандалып алынганын маалымдады.
“Коомдук кеңештердин институтун өнүктүрүү боюнча башталган ишти сактап калуу жана улантуу, мамлекеттик органдардын ишине байланышкан жарандык демилгелерди илгерилетүү жана талкуулоо жана калк арасында коомдук кеңештерди жайылтуу маанилүү. Коомдук кеңештер мамлекеттик органдардын тең укуктуу өнөктөрү жана жардамчылары болуп калууга тийиш. Коомдук кеңештердин арасында коомдук мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуу аянтчасына айлангандары да бар, ошол эле учурда жөн гана декоративдик орган катары кала бергендери да жок эмес”, - деди Темир Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине коомдук кеңештер менен тыгыз иш алып барууну жана айына бирден кем кем эмес жолугушууларды өткөрүп турууну тапшырды.
[su_carousel source="media: 67797,67798,67799,67800,67801,67802,67803,67804,67805,67806" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү