26

Ноябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйынында Өкмөттүн күз-кышкы мезгилге даярдыгы боюнча маалымат берди

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын  Премьер–министри Темир  Сариев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйында күз-кышкы мезгилге карата Өкмөттүн даярдыгы боюнча маалымат берди.

Премьер-министр күз-кышка даярдык көрүү үчүн Республикалык штаб түзүлүп, иш алып барып жатканын билдирди.

“Бүгүнкү күндө энергетика системасы кышка даяр деп ишенимдүү айта алабыз.Бардык керектөөчүлөргө, анын ичинде медициналык мекемелерге, бала бакчаларга, мектептерге, окуу жайларга жана турак-жайларга жылуулук берилүүдө. Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦтери жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө даяр”, - деди Темир Сариев.

Премьер-министрдин маалыматы боюнча, 2015-жылдын 23-ноябрына карата Бишкек шаарынын ТЭцинде көмүрдүн запасы 273,4  миң тоннаны түзүүдө. Бул өткөн жылдагы көлөмдөн 2,1 эсеге көп   (2014-жылы – 131,5 миң тонна), мазуттун запасы –  5,0 миң тонна, бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 1,3 эсеге көп (2014-жылы – 3,9 миң тонна).

Ошондой эле Темир Сариев жергиликтүү көмүр сатуучулар менен келишимдерге кол коюлганын, ага ылайык, 2015-жылдын аягына чейин 140 миң тонна, 2016-жылдын 1-кварталынын ичинде  - 300,0 миң тонна көмүр берилээрин кошумчалады.

Премьер-министр учурда Бишкек ЖЭБинде реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатканын эске салып, 2017-жылдын ноябрь айында реконструкциялоо иштери аяктайт жана ушул реконструкциянын натыйжасында ЖЭБ кубаттуулугу 666 Мегаваттан 812 МВтка чейин көбөйөөрүн билдирди.

Темир Сариев бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,4 млрд. м.кубду түзүп, бул былтыркыдан 1,6 млрд. м. кубга көп экенин кошумчалады.

Ошондой эле Премьер-министр 2015-жылдын январь-октябрында электр энергиясынын жоготуулар 14,3%ды түзгөнүн, бул көрсөткүчтү дагы төмөндөтүү жаатында иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү