05
Январь
Премьер-министр Темир Сариев: «Кыргызстан гидроэнергетикага басым жасайт»
Бул тууралуу бүгүн, 5-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев КТРКнын «Биринчи радиосуна» түз ободо маалымат берген учурда билдирди.
Өлкөдө шамалдан, күндөн жана суудан энергия алуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Алардын эң арзаны жана Кыргызстандын экономикалык шартына ылайыктуусу суудан энергия алуу экенин белгилеген Өкмөт башчы, бул багытта 2016-жылы аткарыла турган бир топ ири долбоорлорго токтолду.
«Кара-Кече көмүр кенинин жанына ТЭЦ салуу боюнча 2016-жылдын март айында тендер өткөрүлөт. Мындан сырткары Жогорку Нарын жана Баткендеги Бел-Алма кенине да 80 мегаваттык ТЭЦ салуу боюнча даярдык жүрүп жатат. Республиканын ар кайсы аймагына пландалган орто жана чакан ГЭСтер ишке кирсе, өлкөдөгү энергетикалык кубаттуулукту 160 млрд киловатт саатка жеткирсек болот. Бул азыркы мүмкүнчүлүккө караганда 10 эсе жогору»,- деди Темир Сариев.
Аны менен катар Өкмөт башчы калкты электр энергияга аяр мамиле кылууга чакырды. Казакстандан импорттолгон электр энергиясы үчүн 60 млн АКШ долларын төлөнөт. Келечекте бардык реконструкция иштери аяктаган соң, Бишкек жылуулук борборун 100% жергиликтүү көмүргө өтөт. Мындан сырткары республикадагы кичи шаарларды борборлоштурулган системага өткөрүү аракеттери жүрүп жатат.
Ошондой эле Өкмөт башчы электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу максатында коомдук жайларды, анын ичинде, кафе, ресторан, сауна жана ири ишканаларды акылдуу эсептегичке өткөрүүнү тапшырды. «Азыркы тапта эсептегичтин эң кымбаты 150 АКШ доллары турат. Андыктан бардык бизнес тармактарынын акылдуу эсептегичке өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар»,- деди Темир Сариев.
Жыл өткөн сайын өлкөдө электр энергиясына болгон суроо-талап өсүүдө. Андыктан бул тармакты 40% чейин көтөрүү, 2020-жылга чейинки Кыргыз Өкмөтүнүн негизги пландырынын бири болуп саналат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү