12
Июль
Премьер-министр Темир Сариев: "Кыргызстан менен Индиянын экономикалык алакасын өнүктүрүүгө бардык шарттар бар"
Бүгүн, 12-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанга расмий сапар менен келген Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан жана Индиянын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик чөйрөдөгү кызматташтыгынын кеңейтүү жана өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Темир Сариев Кыргыз Республикасы Индиянын Премьер-министринин бул расмий сапары эки өлкө ортосундагы көп багыттуу жана узак мөөнөттүү кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгынын көрсөткүчү катары кабыл аларын белгиледи.
“Индия биздин элибиз абдан жакын жана тааныш өлкө. Кыргызстандыктар бул өлкөнүн маданияты тууралуу абдан кеңири маалыматка ээ. Кыргызстан эгемендикти алгандан бери эки өлкө ортосунда экономикалык карым-катнаш өнүгүп келе жатат. Бирок бул соода-экономикалык байланыштын көлөмү бизди канааттандырбайт. Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 40 миллион доллар болсо, муну 200 миллион долларга жеткирүүгө потенциал бар”-деди Темир Сариев.
Ошондой эле Темир Сариев Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен парламенттик башкаруу системасына өткөн жалгыз мамлекет экенин маалымдады. Быйыл күз айларында өтчү парламенттик шайлоо өтөрүн, бул шайлоо өлкөнүн туруктуу өнүгүү жолуна түшүүсндө абдан жогорку мааниге ээ экенин билдирди. Бул багытта Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдары өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы менен Индия Республикасынын Шайлоо комиссиясынын ортосунда шайлоолор тармагында кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлганы шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө салым кошот деген ишенимин билдирди.
Эки өлкөнүн географиялык жакындыгын жана Индиянын дүйнөдөгү экономикалык ролунун өсүп бараткан эске алуу менен Кыргызстан айыл чарба, IT-технология, жеңил өнөр жай жана туризм тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин Темир Сариев белгиледи.
Ошондой эле коопсуздук, экстремизм, терроризм жана башка дүйнөдөгү чакырыктарга биргеликте каршы туруу зарыл экенин Премьер-министр кошумчалады.
Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Кыргыз-Индия тоо биомедициналык илимий борборунун алкагындагы кызматташтыкты жогору баалап, бул долбоорду ишке ашырганы үчүн ыраазылык билдирди.
Муну менен катар Кыргызстандын өкмөт башчысы маданий-гуманитардык тармагындагы кызматташтык өнүктүрүү Кыргыз Республикасы менен Индиянын алакасынын негизги багыттарынын бири экенин айтып өттү. Бул багытта Индиянын кино тармагы жогорку деңгээлде өнүккөнүн айтып, “Кыргыз керемети” деген аталышка ээ болгон кыргызстандык киночулар менен биргеликте кино долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүн экенин Темир Сариев кошумчалады.
Өз кезегинде Нарендра Моди учурда Кыргызстан жана Индия эки тараптуу мамилени өнүктүрүү зарыл болгон бир катар багыттар бар экенин билдирди. Ал Кыргызстандын аймакта алгачкы болуп парламенттик системага өтүү аракетин жогору баалап, бул багытта кыска убакыттын ичинде алгылыктуу ийгиликтерге жетише алганын баса белгиледи.
“Кыргызстандын демократиялык мамлекет куруу умтулуусун жогору баалайм. Бул багытта кыска убакыттын олутуу өзгөрүүлөрдү жасап, ийгиликтерге жетишкенин өз көзүм менен көрүп жатам. Сиздерге өз басып өткөн жолуңуздарды жакшылап илим адамдарына изилдетип,илимий эмгектерди чыгарууну сунуштаар элем. Келечекте бул жол демократияга умтулган башка мамлекеттер үчүн даяр модел боло алат”-деди Нарендра Моди.
Жолугушуу жыйынтыгында эки өлкөнүн Премьер-министрлери Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Талаа госпиталына Индиядан алып келинген медициналык жабдыктарды тапшыруу аземине катышты.
[su_carousel source="media: 59247,59248,59249,59250,59251,59252,59253,59254,59255,59256,59257" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү