21

Март

2016

Премьер-министр Темир Сариев кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Тɵмɵндɵ куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу  кыргызстандыктар!

Ардактуу мекендештер!

Баарыңыздарды  жандануу менен жаңылануунун, аруулануу менен тазаруунун, кечиримдүүлүк менен сабырдуулуктун  майрамы – Нооруз менен чын дилимден куттуктайм!

Эзелтен ата–бабаларыбыз жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген ушул касиеттүү  күндү өзгөчө кастарлап, өзгөчө ыйык тутуп, бири – бирине   жаңы күн,  тунук пейил, таза ыйман менен куттуктап, сүмөлөк кайнатып, таттуу тилектерди  тилеп келген.

Нооруз – бул табияттын жаңылануусу.  Жер кулупуруп жаз келген  улуу майрам. Нооруз – адам жандүйнөсүн тазартууга, жаман адаттан арылууга, адамдарды бири-бирине кечиримдүү болууга, бири-бирин кечире билүүгө үндөгөн майрам!

Жалпы журтубуз Нооруз майрамын белгилеп жатып  бири - бирине ак  тилек,   таза сезимдерин билдирет. Чындыгында ар бир  инсан, ар бир  адам өз турмушунда ошол адамдык бакытты каалайт жана тилек кылат.

Бул күнү ар бирибиз келечектен жакшы үмүттөрдү  тилеп, өлкөбүздө тынчтык, биримдик, бардар жашоо болсун деп жакшы ниетти ыроолойбуз.

Кыргыз мамлекетинин максаты бийик, келечеги кең!

Алдыбызда биз ашаар улуу белдер турат, ал үчүн каруубуз бир колдо, күчүбүз бир билекте чогуу болуп, ынтымактын, ырашкерликтин, биримдиктин туусун бийик көтөрүп, элибиз үчүн, жерибиз үчүн, жаркын келечек үчүн талыкпаган эмгек менен бирге баралы!

Ар-бирибиз, коомдогу  алган ордубуга кɵзкарандысыз түрдɵ жаратман эмгек аркылуу ɵлкɵбүздүн келечеги үчүн салымыбызды кошолу! Урматтуу мекендештер, дагы бир ирет Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм. Кыргызстаныбыз мындан ары карай да ɵсүп-ɵнүү жолунда болсун! Тилектер орундалсын, үмүттөр акталсын, таттуу кыялдар турмушка ашсын!

Премьер-министр                             Темир Сариев».