29
Январь
Премьер-министр Темир Сариев: «Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү тарыхый туура чечим болду»
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2015-жылдын ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынында билдирди.
Премьер-министр Темир Сариев жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, 2015-жылдагы эң ири жетишкендиктердин бири катары саясий туруктуулукту сактоо менен туруктуу өнүгүүгө карай бет алууну атады. Мында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактап берген ички иштер кызматкерлеринин ролу жогору болгонун Премьер-министр белгилеп, бул жаатта иште улантуу керектигин билдирди.
Ошондой эле Темир Сариев 2015-жылы Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болгонун билдирип, бул тарыхый туура чечим болгонун белгиледи.
“Учурда бул уюмга мүчө өлкөлөрдо убактылуу кыйынчылыктар болуп жатат. Бирок Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө болушу тарыхый туура чечим болду. Эгер биримдикке кирбегенде Кыргызстанда мындан да оор кырдаал жаралмак”, - деди Темир Сариев.
Премьер-министр Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирүү менен эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча маселени чечүүгө мүмкүн болгонун билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү