12

Ноябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев кызматтык милдетин аткарууда курман болгон сержант Тынчтык Абдрахмановдун үй-бүлөсүнө 100 000 сом бөлдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев  кызматтык милдетин аткарып жатып, сууга чөгүп бара жаткан аялды сактап калам деп курман болгон сержант Тынчтык Абдрахмановдун үй-бүлөсүнө 100 000 сом бөлдү.

Өкмөттүн резервдик фондунан бөлүнгөн каражат бүгүн, 12-ноябрда, Тынчтык Абдрахмановдун үй-бүлөсүнө тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-жылдын 8-ноябрында Чүй облусунун Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө шаардагы каналдардын бирине аял агып бара жатканы тууралуу кабар түшкөн. Ал жерге дароо Токмок шаарынын ИИБ ыкчам-иликтөө тобу жана тез жардам кызматы жөнөтүлгөн. Кызматын аткаруу үчүн барган сержант Тынчтык Абдрахманов чөгүп бараткан аялды куткаруу максатында сууга түшкөн. Тилекке каршы, укук коргоо орган кызматкери кызматтык милдетин аткарууда каза болгон.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү