16
Февраль
Премьер-министр Темир Сариев: «Лизингге берилген айыл чарба техникасынын саны көбөйтүлөт»
Бүгүн, 16-февралда, Кыргыз Ресубликасынын Премьер-министри Темир Сариев Биринчи радионун түз обосунда жазгы-талаачылык иштерине даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берип, угармандардын суроолоруна жооп берди.
Премьер-министр бул маселеге карата Өкмөттүн даярдыгы толук кандуу жүрүп жатканын жана бул боюнча Республикалык штаб түзүлүп, тиешелүү чечимдер кабыл алынганын билдирди.
Темир Сариев маалымдагандай, дыйкандарды айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу үчүн лизингге берилген техниканын санын көбөйтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Былтыркы жылы 200гө жакын техника берилсе, быйыл анын санын 300гө жеткирүү аракети көрүлөт.
«Дыйкандардын сунуштарын эске алуу менен айыл чарба техникасын лизингге алууда өздүк салым 30 пайыздан 10 пайызга төмөндөтүлдү. Ошондой эле лизингге берилген техникалардын эсебинен жер-жерлерде машина-трактордук станциялар уюштурулуп, дыйкандарга ыңгайлуу шартта кызмат көрсөтүү боюнча иштер жүрүүдө», - деди Темир Сариев.
Муну менен катар Темир Сариев айыл чарба техникаларын Кыргызстанда чогултуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү