24
Июнь
Премьер-министр Темир Сариев: “Өлкө экономикасынын ийгиликтүүлүгү мыйзамдардын сапатынан көз каранды”
Бүгүн, 23-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Регулятивдик реформа боюнча кеңештин жыйыны болуп өттү.
Анда аталган кеңештин алгачкы жыйынында бекитилген 2015-жылга карата мамлекеттик органдардын иш планынын аткарылышы, ишкердүүлүктү жөнгө салуучу КР ченемдик-укуктук актыларынын жана аларды баалоо критерийлеринин акыркы тизмесин бекитүү, ошондой эле ыкчам жыйынтыкка жетүү үчүн келечектүү реформалар тизмесин кароо жана бекитүү маселелери каралды.
Жыйын жүрүшүндө Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстан ченемдик базасын модернизациялоодо алдыга кетип, бирок айрым мыйзам актылары тийиштүү түрдө аткарылбай жаткандыгын белгиледи.
“Регулятивдик реформага киришүү аркылуу биз өз алдыбызга так максатты – так, түшүнүктүү жана иштеп кетүүчү мыйзам тутумун түзүүнү коюудабыз. Башка ыкма жок. Биз өлкө экономикасын алда канча жакшыртуубуз керек. Бул милдеттерге жагымдуу инвестициялык абалды түзүү жана ишкерлер үчүн реалдуу шарттарды түзүү аркылуу жетишүүгө мүмкүн. Ал үчүн бизде тийиштүү мүмкүндүктөр: саясый эрк, мамлекеттин жана жеке сектордун бизнести кабыл алуу процедурасын жөнөкөйлөштүрүүгө умтулуусу жана эл аралык консультанттардын колдоосу бар” - деди ал.
Премьер-министр белгилегендей, регулятивдик реформа административдик тоскоолдуктарга жана коррупцияга каршы багытталган. “Ченемдик базаны талдоо аркылуу мыйзамдагы кемчиликтерди жоюу жана мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуу ыкмаларын пайдалануу милдети алдыда турат. Ага жетүүдө ар-бир бизнесмендин, чиновниктин жана жарандын жоопкерчиликтүү түрдө катышуусу зарыл”, - деп белгиледи Өкмөт башчы.
Маалым болгондой, бүгүнкү күнгө карата реформанын биринчи баскычы - ишкердүүлүктү жөнгө салуучу КР ченемдик-укуктук актыларынын инвентаризациясы жүргүзүлүп, акыркы тизмеси түзүлгөн.
Ошондой эле процесстин ачык-айкындуулугун камсыздоо үчүн www.sar.kg расмий сайты түзүлгөн, анда регулятивдик реформалоонун толук процессин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк түзүлөт.
КР экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, Реформалоонун иштиктүү органы тарабынан учурда 72 миңден ашуун ченемдик-укуктук акттарды алгачкы талдоосу жүргүзүлгөн. Өз кезегинде мамлекеттик орган, бизнес жана эксперттик өкүлдөр активдүү иш аткарып, 1-июлдан тарта жалпысынан 3270 акты талдоого алынат.
Мындан тышкары, О. Панкратов коом жана өлкө үчүн натыйжалуу иш аткаруу иретинде ыкчам реформалар үстүндө иш алынып барылып жаткандыгын белгиледи, анын натыйжалары күз айларына карата байкала баштайт. Бул жаатта фокус-группалар жана 20дан ашуун бизнес-ассоциация өкүлдөрү менен консультациялар өткөрүлгөн. Натыйжада ыкчам ишке ашырылуучу бир нече багыт аныкталган.
Жыйын соңунда Премьер-министр Темир Сариев учурдун талабы ыкчам чечимдерди талап кылып жаткандыгын, аталган маселе – коом жана өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү экендигин дагы бир ирет белгиледи.
“Мамлекеттик органдар бул курч маселеге өзгөчө көңүл бөлүп, олуттуу мамиле кылуусу зарыл. Өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге кошулуусу алдында аталган маселенин ыкчам чечилиши мамлекеттин атаандаштыгын күчөтүүгө шарт түзөт. Өлкөбүздөн эгемендүүлүк жылдары мындай масштабдуу иш алгач ирет өткөрүлүп жатат, бул бизнеске оң таасир берет,” – деди Премьер-министр.
Темир Сариев Экономика министрлигине ар ай сайын реформанын жүрүшү жана ага тоскоолдук келтирип, жоопкерчиликсиз мамиле кылып жаткан мамлекеттик органдар тууралуу маалымат берип турууну тапшырды. Премьер-министр протоколдо ар-бир жетекчинин алдыга коюлган милдеттерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруусундагы жеке жоопкерчилиги каралуусун кошумчалады.
[su_carousel source="media: 58037,58038,58039,58040,58041,58042,58043" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү