13
Август
Премьер-министр Темир Сариев өлкөнүн чек ара өткөрмө пункттарындагы абалды текшерип чыгуу тапшырмасын берди
Бүгүн, 13-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев КР экономика министри Олег Панкратовго өлкөнүн чек ара өткөрмө пунктарындагы абалды текшерип чыгуу тапшырмасын берди.
Берилген тапшырмага ылайык, Экономика министрлиги Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Мамлекеттик Бажы кызматы, Мамлекеттик Салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү менен биргеликте Чүй облусунда жайгашкан чек ара өткөрмө пунктарынын иши менен таанышып, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагы ачылган соңку абал менен жана буга чейин Премьер-министрдин тапшырмасы менен түзүлгөн нөөмөт бөлүктөрүнүн кандай иштеп жатканы менен таанышмакчы.
Муну менен катар Экономика министрлигинин аймактык башкармалыктары Талас облусундагы жана Түп-Кеген жолунда жайгашкан чек ара пункттарында жогорудагыдай иштер жүргүзүлмөкчү.
Учурда Экономика министри Олег Панкратов баштаган тиешелүү мамлекеттик органдардан түзүлгөн атайы топ Чүй облусунун аймагындагы чекара өткөрмө пунктарынын абалы менен таанышып жатат. Анын жүрүшүндө, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак чек ара аймагы ачылган соң түзүлгөн кырдаал менен жеринен таанышып, жаралган маселелерди чечүү ыкмаларын иштеп чыкмакчы.
Эске салсак, буга чейин Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы ачылган соң жаралчу маселелерди оперативдүү түрдө чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган нөөмөт бөлүктөрү түзүлгөн. Аталган бөлүктөр чек ара ачылгандан тарта эки жумалык мөөнөттө абалга көз салмакчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү