05
Июль
Премьер-министр Темир Сариев маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолукту
Бүгүн, 4-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев өлкөдөгү маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, өкмөт башчылыкка киришкен 60 күн аралыгындагы аткарылган иштер тууралуу баарлашты. Жолугушууга Коомдук телерадиок корпорация, “Пирамида”, ЭлТР каналдары, “Азаттык” радиосу, “Вечерний Бишкек”, “Акипресс”, “24.kg”, маалымат агенттиктери, “Кабарлар”, “Спутник”, “Арена” маалыматтык сайттарынын башкы редактор, жетекчилери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Темир Сариев өкмөттүн жаңы курамынын өткөн эки ай ичинде аткарган жана учурда аткарып жаткан иштери боюнча маалымат берип, өлкөдөгү маанилүү маселелер тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Темир Сариевдин айтымында, учурдагы өкмөттүн алдында бир катар маанилүү милдеттер турганын айтып, ал милдеттерди тартип жана талапты күчөтүү менен гана чечүүгө мүмкүн экенин билдирди.
Премьер-министр учурдагы өз алдына койгон милдеттер катары учурдагы өкмөттүн эффективдүү жана туруктуу иштешин камсыз кылуу, Кыргызстандын Евразия экономикалык Союзуна кирүү боюнча маселени үзгүлтүксүз жана татыктуу жүргүзүү, 2015-жылдын күз айларына белгиленген парламенттик шайлоону ачык-айкын жана мыйзамдуу өтүшүнө шарт түзүү, өлкөнүн коопсуздугун сактоо боюнча натыйжалуу иштерди аткаруу менен өлкөнүн коңшу өлкөлөр менен чек арасын аныктоо иштерин тездетүү, кышка өз деңгээлиндеги даярдыкты камсыз кылууну атады.
Ошондой эле Темир Сариев Жогорку Кеңеште каралган Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча суроолорго жооп берип жатып, бул багытта атайын эксперттик-илимий топ түзүлөрүн кабарлады. Эколог, гляциолог-адистерден турган турган атайын эксперттик топ Кумтөрдөгү Давыдов, Лысый мөңгүлөрүн изилдеп анын корутундусу Жогорку Кеңешке сунуш кылмакчы.
Муну менен катар Темир Сариев Жогорку Нарын ГЭС каскады, Камбара-Ата 1 ГЭСин куруу боюнча долбоорлор алкагында иш жүрүп жатканын кошумчалады. Анын айтымында, аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча Орусия планда көрсөтүлгөндөй иш алпарып жатат. Ал эми Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты ишке киргизүү боюнча Евразия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жакында ишке кирмекчи.
Темир Сариев учурдагы өкмөт өлкөдөгү жолдорго оңдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, бул жаатта кошумча 1 миллиард сом бөлүнгөнүн жана бул каражатта республика аймагындагы 112 чакырымды жолду оңдоо каралганын кабарлады.
Жолугушуу жүрүшүндө массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери өздөрүн кызыкдарган суроолорго жооп алып, актуалдуу маселелер боюнча Премьер-министрдин позициясын угушту.
[su_carousel source="media: 58852,58853,58854,58855,58856,58857" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү