10
Июнь
Премьер-министр Темир Сариев : “Мамлекет маданиятка өзгөчө көңүл бурушу керек”
Бүгүн, 10-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутовду кабыл алды.
Жолугушууда Темир Сариев өлкөдөгү маданият тармагындагы абал, театралдык искусствонун көйгөйлөрү жана 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туризмди өнүктүрүү боюнча программанын долбоору боюнча министрдин маалыматын укту.
Премьер-министр Темир Сариев өлкөдөгү маданий жайлардын: театр, музей, китепкана, маданий үйлөрдүн абалын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.
“Учурда аймактардагы маданий жайлардын көпчүлүгү начар абалда. Имараттар оңдоону талап кылат. Театрлардын имараттары ижарага берилип, андагы чыгармачылык экинчи планга түшүп калды. Ошондуктан, биз бул маселени чукулунан чечип, иштиктүү сунуштардын негизинде иш алпаруу зарыл”-деди Премьер-министр
Темир Сариев театрлардын жетекчилеринин кардык курамы боюнча маселеге көңүл буруу керектигин кошумчалады.
Өкмөт башчысы министрден маданий мекемелердин жамааттарынын чыгармачыл потенциалын көтөрүү менен көрөрмандардын талабына жооп берчү долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.
Премьер-министр Бишкек шаарындагы ижарага берилген айрым кинотеатрлардын имараттарын оңдоо иштерине көңүл бурулбай жатканы тууралуу даттануулар түшүп жатканын айтып, муну текшерип чыгууну тапшырды.
Муну менен катар Өкмөт башчысы туризмди өнүктүрүүгө жетиштүү көңүл бурулбай жатканына көңүл бурду.
“Кыргызстанга туристтерди тартуу үчүн табигый байлыктарыбыз менен катар маданий мурасыбызды жакшылап көрсөтүү керек. Өлкөбүздөгү туристтик жайлар боюнча тарыхый маалыматтар берилбейт. Маселен, Ысык-Көл, Токмоктогу Бурана, Өзгөндөгү мунара тууралуу жетишинче маалымат берилбейт. Биз аталган тарыхый жайлар тууралуу маалыматтарды илимий жактан негиздеп, чет өлкөлүк жана ички туристтерге айтып беришибиз керек»,-деп билдирди Темир Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр Кыргызстандагы музейлердеги маалыматтык базаны электрондук форматка өткөрүү, айыл жергесиндеги маданият үйлөр, китепканалардын абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Темир Сариев маданият тармагы каржылоого өкмөт көңүл бурууну күчөтөрүн белгилеп, министрди бул тармакта иштиктүү сунуштарды берүүгө чакырды.
Жолугушуу жыйынтыгында Премьер-министр Темир Сариев Маданият министри Алтынбек Максүтовго Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылга чейин маданияттү өнүктүрүү
программасын бекитүүнү тездетүү, Кыргызстандын маданий мурастарын сактоо боюнча программа долбоорун иштеп чыгуу, өлкөдөгү музей жана китепканалардагы маалыматтык ресурсту электрондук форматка өткөрүүнү, Кыргыз Республикасында санариптик телеберүүгө өтүү боюнча жарандарга маалымат берүү иштерин жүргүзүү, 2015-жылкы туристтик сезонду өткөрүү боюнча планды аткаруу, 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туризмди өнүктүрүү боюнча программасынын долбоорун сунуштоо жана Ысык-Көлдүн жээгинде саясий жана экономикалык жыйындарды өткөрүү үчүн форум-борборун куруу боюнча долбоор иштеп чыгууну тапшырды.
[su_carousel source="media: 57177,57178,57179" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү