12
Июль
Премьер-министр Темир Сариев: «Мамлекет оңолсун десек, анын өнүгүүсүнө салым кошолу»
Бүгүн, 10-июлда, Темир Сариев Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында чогулган элдин суроолоруна жооп берип жатып, элди сабырдуу болууга, ар кандай тоскоолдуктарга жол бербөөгө чакырды.
“Эгерде мамлекетте тартип болуп, мыйзамдуулук орносун десек, биз баарына тең бирдей мамиле кылышыбыз керек. Араб өлкөлөрүндө Дубай 1970-жылдары какырап жаткан чөл болчу, ал 1974-жылы эле түптөлдү. Ага чейин ал жердеги элдер кумда төө минип, курма өстүрүп, жээкке барып балык кармап деңизден бермет издеп жан бакчу. 30 жылдын ичинде Дубай дүйнөдөгү эң мыкты өнүккөн аймактын алдыңкы сабына чыкты. Аларга кудай сабырдуулук бериптир ошол кумдун асты толгон нефти менен газ болуп чыкты. Бизде болгону 1 млн сугат жерибиз бар, аны да четинен сатып азайтышты, калган 95 пайызы — тоолор. Бирок кудай бизге да бир сабырдуулук бериптир. Ошол тоонун баарынын асты – кен-байлык. Кубаттуу мамлекет куруп, келечекте балдарга кам көрүп пайдубал түптөйлү десек анда ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланалы”, - деди Темир Сариев.
Өкмөт башчынын билдиришинче, мамлекетибизде туруктуулук орун алып, ишмердүүлүк жүргүзүүгө шарт түзүлмөйүнчө өнүгүү болбойт. “Биз балдарды сабатсыз калтырсак, аларга шарт түзбөсөк — бул кечиримсиз. Азыр баарыбыз эколог, геолог, токойчу болуп кеттик, билимибиз бары да, жогу да баары эле кыйкырып чыгат. Кичине ойлонолу туугандар, мына азыр жарым миллион кыргыз жумушчу орун жоктугунан сыртта мигрант болуп жүрөт. Жумуш орундарын түзөлү десе, эч ким аны иштеткиси келбейт, жол тосуп, ачкачылык жарыялап чыга келишет. Ар бир нерсенин эрежеси, ыгы бар, анын баарын көзөмөлгө алган мыйзам бар. Ушулардын баарын эске алып келечекке олуттуу көз-караш менен карап, кылдат мамиле кылалы”, — деди Темир Сариев.
КР Өкмөтүнүн Апаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү