27
Июнь
Премьер-министр Темир Сариев мамлекеттик органдардын бир катар жетекчилерине сөгүш жарыялады
Бүгүн, 26-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө чет өлкөдө иштеген эмгек мигранттарынын социалдык укуктарынын абалы, Кыргыз Республикасында балдарга ырайымсыз мамилени алдын-алуу жана жоюу чаралары жана 2014-2020-жылдарга дин чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу планы каралды.
Жыйында ачып жатып, Премьер-министр Темир Сариев Өкмөттүн кабыл алган бардык чечимдерин аткарууга көзөмөл күчөтүлүп жатканын билдирди. Ал буга чейин берилген тапшырмалардын негизинде, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы үч мектеп окуучунун өмүрүн алган жол кырсыгынын алдын-албаганы үчүн Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевага, Ала-Бука районунун акими Алымкул Кулуевге сөгүш берди. Ал эми Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариевага эскертүү берип, Ала-Бука райондук билим берүү башкармалыгы жана Жалал-Абад облустук жол кайгуул кызматынын жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо маселесин койду.
Буга чейин бул маселе боюнча Премьер-министр Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлерине, Билим берүү жана илим министрлиги, Ички иштер министрлигине үч мектеп бүтүрүүчүсүнүн өмүрүн алган жол кырсыгынын жагдайларын тыкыр териштирип, ага жол берген жооптуу адамдардын жоопкерчилигин кароону жана анын жыйынтыгы тууралуу коомчулукка маалымат берүүнү тапшырган эле.
Темир Сариев мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жол коопсуздугун сактабастан, өмүрүн тобокелге салган көрүнүштөр Бишкек шаары баштаган башка аймактарда бар экенин билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдарды көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды. Ошондой эле ар кыл салтанаттарда жалданып иштеген, үлпөт автоунааларынын айдоочуларына коопсуздукту сактоого милдеттендирүү зарылдыгын Өкмөт башчысы билдирди.
Муну менен катар жыйында Премьер-министр Темир Сариев 16-июнда өткөн Дүйнө чемпионатына тандап алуу этабынын алкагында Кыргыз Республикасынын жана Австралия Союзунун курама командалары беттешиндеги кемчиликтер боюнча Өкмөт алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин төрагасы Кадырбек Эргешовго сөгүш жарыялады.
Премьер-министрдин айтымында, Кыргызстандын курама командасы татыктуу оюн көрсөтүп, стадиондо футболчулар үчүн сыймыктанууга шарт түзүштү.
Бирок оюнду уюштурууда айрым кемчиликтерге жол берилип, билети бар көрөрмандар оюнга кире албай калды.
“Учурда бул окуя териштирилип жатат. Футбол федерациясынын жетекчилиги менен жолугуп ,сүйлөштүк. Алар күйөрмандардан кечирим сурап, кире албай калгандарга билет акысын кайтарып берип жатат. Бирок Дене тарбия жана спорт агенттиги “оюнду Футбол федерациясы уюштурган” деп күнөөнү оодарып жатат. Мындай болбойт. Мамлекеттик агенттик иш-чараларды өткөрүүгө жооп беришикерек"- деди Темир Сариев.
Премьер-министр чет өлкөдө иштеген эмгек мигранттарынын социалдык укуктарынын коргоо боюнча өкмөттүн иши жетишсиз болуп жатканын белгиледи. Темир Сариев бул багытта Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги биргеликте иш алпарып, чет өлкөдө эмгектенип жүргөн жарандардын укугун коргоо боюнча жигерди аракет көрүү жана башка өлкөлөрдө керектүү кесипте иштеген кыргызстандыктардын тизмесин тактап, кадрдык резерв түзүү тапшырмасын берди.
Ал эми балдарга карата зомбулук маселеси учурда өтө курч турганын белгилеген Премьер-министр бул багытта бардык мамлекеттик органда, коомдук уюмдар биргелешип иш алпарышы зарыл экенин билдирди.
Балдарга тарбия берүүдө мамлекет менен катар эң негизги милдет ата-энеде экенин Темир Сариев белгиледи.
Ошондой эле балдарга каршы зомбулуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын координациялык иштеринин начар болуп жатканын белгилеп, Бишкек шаарынын вице-мэри Замирбек Малабековго сөгүш жарыялады. Ошондой эле Кыргыз Республикасында балдарга ырайымсыз мамилени алдын-алуу жана жоюу чаралары боюнча токтом долбоорун кайрадан иштеп чыгууну тапшырды.
Үчүнчү маселе катары каралган 2014-2020-жылдарга дин чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу планы боюнча Ички иштер министрлиги менен экстермисттик багыттагы иш алпарган уюмдардын тизмесин 20 күндүк мөөнөт ичинде кайрадан тактап чыгуу тапшырмасын берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү