08

Февраль

2016

Премьер-министр Темир Сариев Мамлекеттик Салык кызматынын коллегиялык жыйынына катышты

Бүгүн, 8-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Мамлекеттик Салык кызматынын 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйынына катышты.

Премьер-министр Салык кызматы мамлекеттик кирешени жыйноодогу негизги орган экенин белгилеп, анын ишмердигинен жарандардын айлык-акысын, пенсиясын көтөрүү көз каранды экенин билдирди.

Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине байланыштуу  мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда негизги басым салык кызматына жүктөлгөнүн маалымдады.

Премьер-министр Темир Сариев жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, салык топтоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле салык чогултуу боюнча белгиленген планды аткарбаган аймактык салык башкармалыктарынын жетекчилерге чара көрүү тапшырмасын берди. Маалыматка ылайык, Салык кызматы тарабынан жергиликтүү бюджеттерге салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноо боюнча болжолдуу план камсыз кылынган эмес. Мисалы, болжолду аткаруу болгону 98,3%ды түзөт, аткарылбай калгандары - 228,5 млн сом болгон.

Бишкек шаарынын бардык 4 райондору тарабынан жалпы 268,0 млн сом суммада болжолду аткаруу камсыз кылынган эмес. Темир Сариев коллегия жыйынтыгы менен борбор шаардын план аткарбаган жетекчилери тууралуу катуу чара көрүүнү таршырды.

Ошондой эле Жайыл району боюнча план 80,3% аткарылган. Район аймагындагы “Жунда” мунайды кайра иштетүү заводунда салык кызматы тарабынан көзөмөл болбогонун Темир Сариев маалымдады.

«Мындай иш болушу керек. Талап күчтүү, кемчилик кетирген соң дароо чечим кабыл алуу керек. Иштейм деген жетекчиге бардык шартты түзүп берүү керек, ал иштегенге каалоосу жок адам боюнча дароо чечим кабыл алуу зарыл», - деди Темир Сариев.

Премьер-министр Темир Сариев алкоголь продукиияларына акциздик салыктын төмөн түшүп кетиши боюнча тармакты тейлеген орун басардын жоопкерчилиги боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

Аймактардагы Салык кызматынын жетекчилери ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылып, салык төлөөчүлөр менен тыгыз ишти алып барууну күчөтүүнү белгиледи

«Ак ниеттүү салык төлөөчүлөрдү колдоого алып, бирок мыйзамдын талабын аткарбагандарга талапты күчөтүү керек. Эгер биз түшүндүрүү иштерин күчөтүп, салык чогултулбаса кантип өлкө алдындагы учурдагы чакырыктарга жооп беребиз. Чакырык  -экстремизге каршы күрөшүү, коопсуздукту күчөтүү, алыскы аймактарда керектүү жолдорду, социалдык обьекттерди куруу менен жарандарыбыздын жашоо-шарттын жеңилдетүү. Мамлекеттин кубаттуулуугун күчөтүү биздин ишибизден көз каранды», - деди Темир Сариев.

Премьер-министр салык чогултуу боюнча  ички резервдер бар экенин белгилеп, аны толтуруу үчүн тартип менен талапты күчөтүү зарылдыгын билдирди.

Премьер-министр Темир Сариев салык органдарындагы коррупция маселеси башкы проблемалардын бири бойдон калып жатканын билдирди. Кызматкерлердин арасында паракорчулук факттарын иликтеп, аныктап чыгуу боюнча системалуу иш жүргүзүлбөй жатканы айтылды.

Маалымат боюнча, 2015-жылы салык кызматынын кызматкерлерине карата 16 кылмыш-жаза иши козголгон, анын ичинде 12 кызматкер коррупциялык укук бузууларга шектүү деп табылып, 8 кызматкер иштен бошотулган.

Темир Сариев иштеги тартипти күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле кызматкерлердин адистик деңгээлин жогорулатуу боюнча окууларды көбөйтүү жүргүзүлдү. Муну менен катар Премьер-министр коррупциялык элементтерди азайтуу боюнча автоматташтырылган көзөмөл жабдыктарын киргизүүнү активдештирүүнү белгиледи.

Маалымат үчүн:

Салык кызматы тарабынан такталган болжол 60,8 млрд сом болгон учурда  60,9 млрд сом суммадагы салыктар жана төлөмдөр жыйналган же 100,2 %га аткарылган, 133,5 млн.сом ашыкча аткарылган. Салыктык эмес төлөмдөрдү эске албаган учурда болжол 99,5 %га аткарылган, алынбай калгандары 258,6 млн сомду түзөт. “Кумтөрдү” эсепке албаганда болжол 99,6 %га аткарылган, алынбай калгандары 225,3 млн сомду түзөт. 2014-жылга салыштырганда түшүүлөр 18,7 млрд сомго көбөйгөн же өсүш темпи 144,5%ды түзөт. ЕАЭБдин келген импорттун кыйыр салыктарын эсепке албаганда түшүүлөр 10,5 млрд сомго көбөйгөн, өсүш темпи 125 %ды түзгөн.

[su_carousel source="media: 70840,70841,70842,70843,70844,70845,70846,70848,70849" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 70114,70118,70117,70116,70115" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69982,69983,69984,69985,69986,69987" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69455,69456,69457,69458,69459" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 68954,68955,68956,68957,68958,68959,68960,68961,68962,68963,68964,68965,68966,68967" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 67949,67950" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү