11
Март
Премьер-министр Темир Сариев мыйзамдарды даярдоодо жоопкерчиликтүү мамиле кылууну тапшырды
Бул тууралуу Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11-марттагы жыйынында билдирди.
Премьер-министр Өкмөт Жогорку Кеңеш менен тыгыз кызматташып, мыйзамдарды кабыл алууда жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керектигин билдирди.
Темир Сариев Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда даярдыктын начар болгондугу боюнча сындар айтылып жатканын белгилеп, мындай кемчиликтерге жол бербөө үчүн ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылып, даярдыкты күчөтүү зарылдыгын билдирди.
Премьер-министр Өкмөттө каралган ар бир маселе талкуудан өткөрүлүп, чечим кабыл алынарын белгиледи. Темир Сариев КР ички иштер министри Жогорку Кеңеште Өкмөт кабыл алган чечимге кайчы маалыматты бергенин жана мындай абалдын жаралышына жол бербөө керектигин билдирди.
Өкмөт башчысы бул кырдаал боюнча атайын иликтөө болорун жана анын жыйынтыгы менен тиешелүү баа берилерин маалымдады.
Буга байланыштуу Премьер-министр Темир Сариев вице-премьер-министрлер өздөрү көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдарга тиешелүү актуалдуу жана талкуу жараткан маселелер боюнча позицияны кеңешип, координациялоо тапшырмасын берди.
«Конкреттүү маселелер боюнча Өкмөттүн фактыга таянган негиздүү, ынанымдуу бирдиктүү позициясы болушу керек. Жогорку Кеңештин жыйындарына мыйзам долбоор боюнча Өкмөттүн расмий өкүлү катары дайындалган жетекчи жана адистерди жиберүү керек», - деди Темир Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр Өкмөт мүчөлөрү жана агенттиктердин жетекчилери парламенттин тармактык комитеттери менен кызматташууну жеке өздөрү уюштуруп, көзөмөлгө алуу зарылдыгын кошумчалады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү