19
Февраль
Премьер-министр Темир Сариев Нарын районундагы Кара-Жылга кыштоосунда болуп, жергиликтүү эл менен жолугушту
Бүгүн, 19-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Нарын облусуна иш сапарынын алкагында Нарын районундагы Кара-Жылга кыштоосундагы малчылардан кабар алып, жергиликтүү эл менен жолугушту.
Премьер-министр Темир Сариев өкмөт бийик тоолуу аймактарда жашаган адамдардын жашоо-шартын жеңилдетүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, мамлекеттик бийлик органдарына жер-жерлерден аймактар менен тыгыз иштешүү тапшырылганын билдирди.
«Өкмөттүн негизги милдети элдин жашоосун оңдоп, мамлекеттик органдарды тартипке салып, кубаттуулукту жана мамлекеттүүлүктү чыңдоо. Ал үчүн тартип жана биримдик керек. Учурда аймактардагы тургундардын жашоосун жеңилдетип, татыктуу эмгектенишине шарт түзүү боюнча бардык аракеттер көрүлүп жатат», - деди Темир Сариев.
Премьер- министр Темир Сариев жергиликтүү эл менен жолугушууда өлкөдө ишке ашып жаткан ири долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Өкмөт башчынын маалыматы боюнча, Бишкек-Нарын-Торугарт жолу быйыл толугу менен бүткөрүлөт жана Түштүк-Түндүк альтернативалуу жолу 2017-жылы аяктамакчы, ошондой эле быйыл Кара-Кече кенинде жылуулук борборун куруу боюнча тендер өткөрүү пландалып жатканын маалымдады.
«2016-жылга абдан амбициялуу пландар бар. Дүйнөлүк кризис уланып жаткан шарттарда бул пландарды аткаруу үчүн баарыбыз бирге аракет кылышыбыз керек. Алдыбызда абдан көп чакырыктар турат. Чакырыкка жооп берүү үчүн мыйзамды жана тартипти так сактообуз керек. Аткаруу бийлигине карата тартипке салуу боюнча талаптар күчтүү», - деди Темир Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр аймак үчүн маанилүү болгон маселелерге токтолуп, бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга жеңилдиктер боюнча мыйзам долбоордун айланасында маалыматтын жетишсиздигинен улам талкуулар жаралганын белгиледи.
«Дениз деңгээлинен 2000 метрден жогору тургандар үчүн эч кандай маселе болбойт. Жеңилдикти алып салуу боюнча сөз болушу мүмкүн эмес. Бирок бул жааттагы айрым маселелерди тартипке келтирип, адилеттүүлүктү алып келүү үчүн мыйзам долбоору абдан кылдат каралып чыгышы керек», - деди Темир Сариев.
Ошондой эле электр энергиясына тарифтер жакын арада кымбаттабай турганын билдирип, бирок тургундарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.
Жолугушуу жүрүшүндө Кара-Жылга кыштоосунун тургундары кыштоону район борбору менен байланыштыруучу жолду оңдоо, жайыттарды бөлүштүрүүдөгү түшүнбөстүктөрдү жоюу боюнча маселелерди көтөрдү. Премьер-министр аталган маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди.
[su_carousel source="media: 71267,71268,71269,71270" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 70114,70118,70117,70116,70115" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69982,69983,69984,69985,69986,69987" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69455,69456,69457,69458,69459" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 68954,68955,68956,68957,68958,68959,68960,68961,68962,68963,68964,68965,68966,68967" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 67949,67950" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү