14
Август
Премьер-министр Темир Сариев: "Малдын асыл тукумдуулугун жакшыртууга басым жасалышы зарыл"
14-августта Премьер-министр Темир Сариев Нарын облусуна жасаган 2 күндүк иш сапарынын жүрүшүндө Соң-Көл жайлоосуна барып, малчылар менен жолугушту.
Премьер-министр Нарын облусу негизинен мал чарбачылыгы менен алектенген аймак экендигин, мында агрардык секторду өнүктүрүү зарылчылыгын белгиледи.
Өкмөт башчы белгилегендей, негизги зарылчылык – малдын тукумунун сапатын арттырууда турат. Бул жаатта чийки зат өндүрүү эмес, кайра иштетүүчү өндүрүштү өнүктүрүү муктаждыгы бар экендигин билдирди.
“Кыргызстандын 95% тоо ээлейт, анда мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө шарттар бар, мында мал туягын саноого негизги көңүл бурулбастан, мал тукумунун сапатын арттырууга бурулушу кажет. Эмгектин үзүрүн көрүү, малдын этин, сүтүн, жүнүн сатыкка алып чыгууга шарттар түүзүлүшү зарыл.Ошондуктан мамлекеттин көмөгү аркылуу уяң жүндүү койлордун тукумун көбөйтүү боюнча малчылар менен кеңешип, мамлекеттик деңгээлдеги чечим кабыл алуу зарыл. Мында биз сиздер менен кеңешип, көйгөйүңүздөрдү жеринде угуу максатында келип отурабыз”, - деди Т.Сариев.
Жолугушуунун жүрүшүүндө Премьер-министр Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Илим изилдөө институтунун жана Агрардык университет өкүлдөрүнө уяң жүндүү койлордун санын жогорулатуу тапшырмасын берди.
Мындан тышкары Өкмөт башчы Нарын облусунда мал союучу жайларды куруу зарылдыгына токтолду. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун эсебинен атайы долбоор иштелип чыгып, ишке ашыруу аракети көрүлүп жаткандыгын маалымдады.
Ошондой эле Темир Сариев Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке толук андуу мүчө болгондугун белгилеп, айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн жаңы мүмкүндүктөр ачылып жаткандыгын, бирок аны туура пайдалануу муктаждыгы бардыгын айтты.
Өз кезегинде малчылар жайыт маселесин көтөрдү. Премьер-министр Айыл чарба жана мелиорация министрлигине жана Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө аталган маселени чечүү маселесин тапшырды.
“Өкмөттө аймактарды өнүктүрүү боюнча колдон келген аракетер көрүлүүдө. Жогорку-Нарын ГЭС каскады жана альтернативдик жол 2017-жылга карата бүткөрүлөт. Жакынкы 2-3 жыл аралыгында Кыргызстанда бир катар ири ишканалар ачылат. Ошл эле учурда калк тарабынан буга карата туура мамиле болуп, өлкөдө биримдик, ынтымак жана тартип түшүнүктөрү алга чыгуусу кажет, ошондо гана өлкөдө өнүгүүгө карай багыт алуу орун алат”, - деп жыйынтыктады сөзүн Темир Сариев.
[su_carousel source="media: 61390,61391,61392,61393,61394,61395,61396,61397" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү