12
Июнь
Премьер-министр Темир Сариев Орусия Федерациясынын Премьер-министри Дмитрий Медведевди Орусиянын күнү менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевге Орусиянын күнүн мамлекеттик майрамына карата куттуктоо жолдоду.
Куттуктоонун телеграммасынын текстин төмөндө:
"Урматтуу Дмитрий Анатольевич,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан сизди мамлекеттик майрам-Орусиянын күнү менен куттуктайм.
Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу кириши биздин мындан аркы эки тараптуу да, Евразия интеграциясынын алкагында кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кыргыз Республикасынын өкмөтү бул үчүн бардык аракетин жумшоого даяр.
Сизге ийгилик жана бакубат жашоо каалайм.
Урматым менен Темир Сариев."
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү