27

Июнь

2015

Премьер-министр Темир Сариев орусиялык көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Евгений Примаковдун каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевге орусиялык көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Евгений Примаковдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты.

«Евгений Примаков Россия Федерациясынын өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон акылман саясатчы, кесипкөй дипломат эле. Ал мекенге кызмат кылуунун нагыз үлгүсүн көрсөттү”-деп айтылат Премьер-министрдин көңүл айтуу телеграммасында.

Ошондой эле Темир Сариев көңүл айтуу телеграммасында Евгений Примаковдун үй-бүлөсү жана жакындарына кайрат айтып коюуну суранды.

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү