01

Сентябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев Ош облусунун Араван районундагы Найман айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты

Бүгүн, 1-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ош облусунун Араван районундагы Найман айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты. Премьер-министр 1-сентябрь Билим күнү менен куттуктады.  Темир Сариев бул күнү чек ара аймагында жайгашкан айылда мектептин ачылышына катышып жатканына кубанычын билдирди.

«Билим мектептен башталса, Мекен чек арадан башталат. Сабаттуу элдин билими  бекем болсо, чек арасы да бекем болот. Бул сөздүн бийик символикасы бар. Анткени, мекенчилдиктин баш тамгасы да өз жериңди сүйүүдөн, аны коргой билүүдөн башталат. Биздин милдет  өз жарандарыбызга  татыктуу билим, мекенчил тарбия берүүгө бардык  шартты түзүп берүү. Азыркы күндө дүйнөнү күч эмес, билим башкарат. Мамлекеттин байлыгы - билимдүү, дени сак жана чынчылдык жарандар» - деди Темир Сариев. Премьер-министр өкмөт билим берүү тармагында камкордукту күчөтүү боюнча бир катар иштерди аткарып жатканын белгиледи. Анын алкагында окуучулардын татыктуу билим алышына тиешелүү шарт түзүү үчүн жаңы мектептердин санын көбөйтүү аракети көрүлүүдө.

Премьер-министрдин маалыматы боюнча быйылкы окуу жылында өлкө боюнча 68 жаңы мектеп пайдаланууга берилип жатат. Жаңы мектептердин баары ашкана, спорттук зал, канализация, даараткана, ичүүчү таза суу жана ысык суу менен камсыздалат.

Ошондой эле мугалимдерге кайрылып окуучуларга сапаттуу  билим берүү үчүн аракетти күчөтүүгө чакырды.

«Мугалим бүт өмүрүн сүйгөн кесибине арнап, өспүрүмдөргө татыктуу тарбия, терең билим берүүнүн үстүндө талыкпай эмгектенсе, биздин келечегибиз болгон татыктуу уул-кыздар өсүп-жетилет.  Ошондуктан билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл буруп, алдыбызда турган маңдайы жарык окуучулардын кең келечеги үчүн талыкпай аракет кылалы»- деди Премьер-министр.

Андан соң мектептин 11-класстын окуучуларына «Мекеним менин Кыргызстан» деген темада ачык сабак өттү . Анда өкмөт башчы окуучуларга Кыргызстандын мамлекеттүүлүк тарыхы тууралуу айтып берди.

Темир Сариев 2200 жылдан ашык мамлекеттүүлүк тарыхы бар Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдеп, кубаттуулугун артыруу үчүн ар  бир жаран билимге умтулуп, заман талаптарына жооп бергендей илим, тарбияга ээ болушу керектигин белгиледи.

Араван районундагы Найман айылындагы 400 орундуу мектептин курулушу 2014-жылы башталган.  Ага республикалык бюджеттен 69 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү.

[su_carousel source="media: 62513,62514,62516,62517,62518,62519,62520,62521,62522,62523,62524,62525,62526,62527,62528,62529,62530,62531,62532,62533,62534" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү