11
Сентябрь
Премьер-министр Темир Сариев : «Парламенттик шайлоону таза, ачык-айкын өткөрүү алдыбызда турган жооптуу милдеттердин бири»
Бул тууралуу 11-сентябрда Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында билдирди. Анын жүрүшүндө Премьер-министр 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого даярдык тууралуу айтып берди.
Премьер-министр бул шайлоо биометрикалык маалымат топтоо аркылуу, жаңы технологиялардын шартына ылайык болуп өткөрүлөөрүн белгилеп, өз кезегинде бул ачык-айкын жана таза шайлоонун негизи болорун белгиледи.
«Биометрикалык маалымат топтоону киргизүүнүн негизги принциби– «бир шайлоочу – бир добуш». Бул чара бюллетендерди эсептөөдө адамдык факторду жоюп, ар кандай бурмоолорду жокко чыгарат» – деп билдирди Өкмөт башчы.
Акыркы маалыматтарга ылайык, биометрикалык маалыматтын негизинде 2 млн 619 миң 474 шайлоочунун тизмеси түзүлдү.
Темир Сариев биометрикалык маалымат берген адамдар, шайлоо участокторуна барып тизмеден өзүн такташы керектигин белгиледи. Бул боюнча учурда “Өзүңдү тизмеден такта!” аттуу акциясы өтүп жатканын жана ал 19-сентябрга чейин уланарын Премьер- министр кошумчалады.
«Учурда биз үчүн шайлоону ачык-айкын өткөрүүдөн ашкан жооптуу иш жок. Ага мамлекеттик органдар, Борбордук шайлоо комиссиясы, саясий партиялар жана жарандарыбыз көмөк көрсөтүшү керек»-деп белгиледи Темир Сариев.
Өкмөт башчысы Борбордук шайлоо комиссиясы 1994-жылкы үлгүдөгү паспорту бар жарандар паспорттун 27-бетинде Социалдык коргоо күбөлүгү чапталган болсо гана шайлоого катыша турганын билдирди. Ал эми учурда өлкөдө 1994-жылкы үлгүдөгү паспорту менен 17 141 жаран бар экенин белгилеген Темир Сариев Социалдык фонд мындай жарандарды социалдык коргоо күбөлүгү менен камсыз кылуу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.
Ошондой Темир Сариев айрым техникалык маселелерден улам добуш берүүгө келген шайлоочунун биометрикалык маалымат таанылбай кала турган учур эске алынганын маалымдады.
“Айрым адамдардын манжасын баскан учурда аны тааныбай калышы мүмкүн деп айтылууда. Адистердин айтымында, мындай учур 4 пайызга чейин катталышы мүмкүн экен. Эгер жаран беш жолу бармак издери таанылбаса, паспорттогу Пин-коду киргизилип, байкоочулардын макулдугу менен акт түзүлүп добуш берүүгө киргизилет. Бул техникалык кемчиликтерди жоюу боюнча иш-аракеттердин негизинде ишке ашат”-деди Премьер-министр.
Премьер-министр шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт деп ишендирип, мамлекетттик жана жергиликтүү өзүн – өзү башкаруу органдарынын жетекчилерине шайлоого катышкан саясий партияларга үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө бирдей шарт түзүү тапшырылганын маалымдады. Бул боюнча кийинки апталарда саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүү пландалып жатат.
Жогоруда көрсөтүлгөн чаралар менен Кыргыз Өкмөтү жана жергиликтүү бийлик органдары парламенттик шайлоону таза, ачык-айкын, эч кандай мыйзам бузуусуз өткөрүүгө даяр. Мындай шайлоону камсыздоо үчүн бардык керектүү каражатты жана шартты камсыз кылып берип жатабыз», – деди Темир Сариев.
Премьер-министр Темир Сариев шайлоону уюштурууда коопсуздук боюнча өзгөчө көңүл бурулаарын эскертип, укук коргоо органдары үгүт өнөктүгү учурунда жана шайлоо куну коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштерди алып барышаарын кошумчалдады. Өкмөт ачык, таза жана демократиялык шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча керектүү чараларды корорун эскерткен Премьер-министр шайлоо жыйынтыгын жарандар, шайлоого катышкан партиялар таанышы керектигин белгиледи.
«Бул шайлоодо саясий партиялар мыйзамдарды сакташы керек. Шайлоо жыйынтыгы чыгарылган соң жетиштүү добуш албай калгандар элди көчөгө алып чыгып, ар кыл мыйзамсыз аракеттерге барабыз, чыр чыгарам деген ойлорунан азыртан тарта кайтышы керек. Бизге мамлекет керек, мамлекеттин келечеги керек», – деди Темир Сариев.
[su_carousel source="media: 63271,63272,63273" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү