12

Июль

2015

Премьер-министр Темир Сариев: «Парламенттик шайлоону таза өткөрсөк, бизде бийликтин маданияты пайда болот»

Бүгүн, 10-июлда, Премьер-министр Темир Сариев Талас облусуна иш сапары алкагында жергиликтүү эл менен жолугуп, аларды алдыдагы шайлоодо акыл калчап, ойлонуп добуш берүүгө чакырды.

“Биздин астыбызда чоң сыноо турат. 2010-жылдан кийин Роза Отунбаева эгемен өлкөнүн тарыхында алгачкы жолу ыйгарым укугун, бийликти тынч, мыйзамдуу жол менен азыркы президент Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берди. Эми биз күзүндө парламенттик шайлоону ачык, таза жана акыйкат өткөрүп, парламенттин келерки чакырылышы өз ишин тынчтык жолу менен баштаса, бизде бийликтин маданияты пайда болот. Элдер добушун сатпай, өзү ишенген партияга добуш бериши керек”, - деди Өкмөт башчы.

Темир Сариев мындан тышкары, быйылкы өтө турган шайлоо жаңы технологиялар менен өтүп, таза жеңүүчүлөр аныкталаарына ишеним билдирди. “Азыркы тапта Президент, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт жогорку милдеттерди ийгиликтүү  ишке ашырууга умтулууда”, - деп кошумчалады ал.

КР Өкмөтүнүн Апаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү