01

Июнь

2015

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т.А.Сариев Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министриТ.А.Сариевдин Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктоосунун тексти: 

"Кымбаттуу балдар! Урматтуу ата-энелер! 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул жаркын майрам - өсүп келе жаткан жаш муундар алдындагы жоопкерчилигибизди биздин - улуулардын эсине салат.

Балдардын укуктарын коргоо мамлекеттик саясаттын башкы багыты болуп эсептелет.Балдардын татыктуу таалим-тарбия, жетиштүү билим алуусуна, өз келечегине ишенимдүү карап, илгери үмүт байлоосуна кеңири жол ачып берүү - биздин милдет.

Кыргызстанда балдар камкордукта өсүшү үчүн биз бардык мүмкүн болгон иштерди жасоого милдеттүүбүз жана аны милдеттүү түрдө аткарабыз. Балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, балдардын билим алуусуна жана алардын саламаттыгын сактоо маселелери өзгөчө көзөмөлгө  алынууда.

Кыргыз эли эч качан баланы кароосуз калтырбаган, балдарды асырап алууну өзгөчө бийик туткан эл. Ата-бабаларыбыздын бул салты бүгүнкү күндө да татыктуу улантууга муктаж. Ушул күндө баланы асырап алган үй-бүлөлөргө, ата-энелерге жана тарбиячыларга ыраазычылыгымды билдиргим келет.

Бала тарбиясы - мээримден, мээримге бөлөнгөн бала гана өз элинин татыктуу  жараны боло алат. Балалык - турмуштун эң кайгы-капасыз, кубанычтуу убагы. Ошондуктан биздин балдар ден-соолугу чың жана бактылуу болуп, сүймөнчүлүктө жана бейкуттукта тарбияланышы үчүн колдон келгендин баарын жасоо улуу муундун колунда экендигин унутпоо керек.

Кыргызстандын бардык балдарына бакыт-таалай, чың ден соолук, ийгилик жана алардын телегейи тегиз өсүп-өнүгүүлөрүн чын жүрөктөн каалайм!

Майрамыңар менен, кымбаттуу балдар! 

Премьер-министр                                                               Т.А.Сариев"