16
Май
2015
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев айымдарды Энелер Күнү менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев айымдарды, өлкөдөгү энелерди Энелер Күнү менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти
Кадырман энелер! Урматтуу апалар!
«Дүйнөнүн түркүгү энелер» дейт акылман элибиз. Бүгүн жалпы өлкөбүз Энелер Күнүн расмий белгилеп жаткан учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атыман адам баласына өмүр берген, жашоо берген Энелерибизди жаркын майрамы менен куттуктайм! Эзелтен элибиз энеге ыйык мамиле жасап, энени үйдүн куту, коломтонун ээси катары жогору сыйлап келген. Энелер бул жашоодо жогорку сыйга, урматка татыктуу. Мамлекет да үй-бүлөдөн башталат. Үйдүн куту энелерибиз мамлекеттин негизин жараткан, түптөгөн улуу касиетке ээ. Энелерибиздин бешик ыры, күндөй ысык мээрими ар бирибиздин жүрөгүбүздө түбөлүктүүлүктүн үнүндөй кагылып турат. Жашоонун булагы эне мээриминде, эненин сүтүндө. Эне кут – ээси! Биз эне аркылуу дүйнөнү тааныйбыз.Урматтуу энелер!
Бүгүн биз Сиздерге сөздүн берметин, сөздүн асылын арнагыбыз келет. Сиздер ага татыктуусуздар! Биз сиздердин ысык мамилеге, мамлекеттик камкордукка муктаж экениңиздерди да билебиз. Биздин сиздерге көңүлдөгүдөй камкордукту жараткыбыз келет. Ал - бир гана адал эмгек, тынымсыз мээнет менен жаралат. Өлкөбүз эч качан энелердин мээнетин унутпайт, энелер алдында биздин милдетибиз чоң. Энелер ыйык коломтонун ээси, үйдүн куту. Ушул Ыйык күндөрдө Сиздердин опол тоодой мээнетиңиздерге таазим этүү менен бирге аны актагыбыз келет. Ал биздин сиздердин алдыңыздардагы ыйык парзыбыз.Урматтуу асыл энелер!
Сиздерди дагы бир жолу Энелер Күнү менен чын жүрөкттөн куттуктайбыз. Сиздерге ачык асман, узун өмүр, бардар жашоо, адамдык чексиз бакыт каалайбыз! Ыйык Күнүңүздөр кут болсун! Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т. А.Сариев