15

Май

2015

Премьер-министр Темир Сариев бир катар кадрдык дайындоолорду жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев кадрдык дайындоолор жөнүндө бир катар буйруктарга кол койду. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин буйругуна ылайык: - Шаикова Алина Кавылбековна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалды - Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы болуп дайындалды - Абдылдаев Шералы Итибаевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп дайындалды - Мавлянов Абдырахман Субанкулович Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды - Жунусов Адамкул Орокеевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды - Осмонов Замирбек Бабакулович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды - Элебаев Нурбек Беккулович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин директору болуп дайындалды - Бекташов Чынгыз Акматович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору болуп дайындалды - Казаков Болсунбек Күмүшбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды - Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды - Аширов Бактыбек Асанбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды - Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы болуп дайындалды - Султанов Алымбай Алымбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды - Назарбеков Марат Рысбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү