15
Май
Премьер-министр Темир Сариев бир катар кадрдык дайындоолорду жүргүздү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев кадрдык дайындоолор жөнүндө бир катар буйруктарга кол койду. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин буйругуна ылайык:
- Шаикова Алина Кавылбековна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалды
- Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы болуп дайындалды
- Абдылдаев Шералы Итибаевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп дайындалды
- Мавлянов Абдырахман Субанкулович Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды
- Жунусов Адамкул Орокеевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды
- Осмонов Замирбек Бабакулович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды
- Элебаев Нурбек Беккулович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин директору болуп дайындалды
- Бекташов Чынгыз Акматович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору болуп дайындалды
- Казаков Болсунбек Күмүшбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды
- Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды
- Аширов Бактыбек Асанбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды
- Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы болуп дайындалды
- Султанов Алымбай Алымбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды
- Назарбеков Марат Рысбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү