16

Май

2015

Премьер-министр Темир Сариев Чүй облусунун ИИББ ЖКК эки кызматкери ортосунда орун алган чатак фактысы боюнча кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 16-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 2015-жылдын 16-майында саат 01. 50 дө Чүй облусунун ИИББ ЖКК эки кызматкери ортосунда орун алган чатактын натыйжасында милиция кызматкеринин бири табелдик куралды пайдалануу аркылуу экинчи милиционерди жарадар кылган факты боюнча кеңешме өткөрдү. Премьер-министр белгилегендей, орун алган факты ички иштер орган тутумунда өздүк курам арасындагы тарбиялык иштердин тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүгүнөн жана кызмат өтөө жана табелдик куралды пайдалануу жаатындагы көзөмөлдөө тутуму кайрадан карап чыгууга муктаж экендигинен кабар берет. Өкмөт башчы белгилегендей, ички иштер кызматкерлеринин кызмат өтөө учурунда алкоголдук ичимдик ичкен абалда болуу фактысына жол берилбеши тийиш. Темир Сариев болуп өткөн чатактын тыкыр иликтөөгө алынышын жана чатакка катыштыгы бар жактардын ички иштер органдарынан алардын иш-аракеттерине укуктук баа берилиши аркылуу бошотулушун тапшырды. Буга катар Премьер-министрдин пикиринде, кызмат алдындагы кызматкерлердин тийиштүү кызмат өтөөсүн камсыздай албаган жетекчилердин ээлеген кызматтарына дал келүүсү тууралуу маселеси каралуусу керек. Мындан тышкары, Чүй облусунун ИИББ, КР ИИМ ЖКК жетекчилиги жана министрдин тармакты көзөмөлдөөчү орун басары тартиптик жазага тартылышы кажет. Премьер-министр ЖКК бардык подразделениелериндеги кызмат өтөөнү, моралдык-психологиялык абалды комплекстүү түрдө текшерүү жана ички иштер орган кызматкерлери тарабынан укук бузуулардын алдын алуу боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыгуу, ошондой эле өзгөчө көңүлдү табелдик куралды пайдалануу жагына бөлүү талабын койду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү