26

Декабрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев: «Салык топтоонун планын аткарбаган жетекчилердин жоопкерчилиги каралыш керек»

Бул тууралуу  бүгүн, 25-декабрда,  Кыргыз  Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев аймактардагы жаңы ишканаларды ачууга арналган жыйында билдирди.

Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарынын кɵпчүлүк райондорунда салык топтоо планга жеткирилбегенин белгилеп, райондук салык жетекчилеринин жана акимдердин жоопкерчилигин кароону тапшырды. «Салык кызматына жана райондук бөлүмдөргɵ эле эмес, район акимдерине да баа бериле турганын эскертем», - деди Темир Сариев.

Ошондой эле Премьер-министр борбор калаадагы тазалык жана анын тышкы кɵрүнүшүн оңдоо маселесине коңүл бурууну тапшырды. «Шаардагы мыйзамсыз курулуштарды жана базарлардын тегерегин иретке салуу керек», - деди Темир Сариев. Ошондой эле Премьер-министр Бишкек  шаарындагы унаа токтотуучу жайларды жана жарнамалык щиттерди иретке салууну тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү