21
Август
Премьер-министр Темир Сариев: "Сапат аркылуу өнүгүүгө багыт алып, кубаттуу мамлекет курабыз"
Бүгүн, 21-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сапат сыйлыгын тапшыруу аземине катышты.
Аземдеги сөзүндө Темир Сариев сыйлык ээлерин куттуктап, сыйлыкты тапшыруу өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди.
Премьер-министрдин айтымында, учурда Өкмөт өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүү, мамлекетибиздин кубаттуулугун артыруу үчүн бардык аракетин көрүп жатат. Бул үчүн мамлекетке өз ишинде сапаттык жактан өзгөчөлөнгөн жоопкерчиликтүү жарандар жана мыкты ишканалардын көмөгү абдан маанилүү.
«Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыгы 14 жылдан бери тапшырылып келет. Жыл сайын белгилүү бир тармак тандалып алынып, өз ишинде сапаты менен айырмаланган ишканалар сыйланат. Маселен, 2014-жылы өнөр-жай, айыл чарба, текстиль жана туристтик тармакта сапаттуу деп табылган ишканаларга бул сыйлык тапшырылган эле. Быйыл болсо сынак “Сапаттан өнүгүүгө карай жол” деген ураандын алдында саламаттыкты сактоо, билим берүү, курулуш, чекене соода жана коомдук тамактануу тармагындагы тейлөө багытында сапаты менен айырмаланган ишкана жана мекемелерди сыйлап жатабыз», - деди Темир Сариев
Премьер-министр аталган сыйлыкты тандоо талаптары өтө күчтүү экенин билдирип, Кыргызсандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу шартында сапатуу продукция менен өзгөчөлөнүү өтө маанилуу экенин белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Cапат сыйлыгы продукциянын сапатын (тейлөө көргөзүү) камсыз кылууда маанилүү жыйынтыктарга, алардын коопсуздугун камсыздоодо, продукцияны өндүрүү (тейлөө көргөзүү) шарттарын сактоодо, жана ошондой эле керектөөчүлөрдүн талаптарын канааттандырууда, сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу тутумдарын жана ыкмаларын жайылтууда жетишкендиги үчүн сынак өткөрүү негизинде жыл сайын ыйгарылат.
Быйыл саламаттык сактоо жаатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасы сыйлыкка татыды.
«Билим берүү» номинациясында Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин №98 Кесиптик лицейи сыйланды.
Ал эми Сапат боюнча сыйлыгынын дипломанты наамы “Саламаттык сактоо” тармагында Ош облус аралык балдардын клиникалык ооруканасына, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу медицина техникасын жана дары-дармекти камсыздоо департаментине, Саламаттык сактоо министрлигинин «Алдын алуу медицинасы» Илимий-өндүрүш бирикмесинин Жугуштуу оорулардын лабораториялык дартын табуунун сапатын көзөмөлдөө республикалык илимий-практикалык борборуна, № 5 шаардык стоматологиялык бейтапканасына (Бишкек шаары), №2 Үй-бүлөлүк медицина борборуна ыйгарылган.
Билим берүү тармагы боюнча сыйлыктар Ош мамлекеттик университетине, Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик Курулуш, унаа жана архитектура университетине, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетине караштуу Башкаруу жана бизнес институтуна жана Кусеин Көлбаев атындагы Бишкек авто-жол колледжине тапшырылды.
[su_carousel source="media: 61762,61763,61764,61765,61767,61768,61769,61770,61771,61772,61773,61774,61775,61776" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү