16

Сентябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев шайлоого катышчу саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолукту

Бүгүн, 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын лидерлери жана өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууга шайлоону уюштуруу боюнча жооптуу өкмөт мүчөлөрү, Башкы прокуратура, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы катышты.

Жолугушууну ачып жатып Премьер-министр Темир Сариев 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун Кыргызстан үчүн абдан мааниси чоң экенин белгилеп, шайлоону уюштуруу боюнча аткарылып жаткан иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берди. Премьер-министрдин айтымында, учурда өлкө боюнча  2 374 участкалык комиссия түзүлүп, анын ичинде Бишкекте 39, Ош шаарында 7 кошумча добуш берүүчү участоктор ачылды. Бардык участкалык шайлоо комиссиялары керектүү жабдыктар менен жабдылды. Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча Республикалык штаб аймактык шайлоо комиссиялары үчүн атайын имаратты бөлүп берип, аларды автотранспорт, байланыш жана керектүү каражаттар менен камсыз кылууда.

“Шайлоону уюштурууга даярдык жана үгүт өнөктүгүнүн жүрүшү боюнча күн сайын тиешелүү маалыматты алып жатам. Учурда одоно мыйзам бузуу жана тартип бузуу фактылары байкалган жок”-деди Темир Сариев.

Премьер-министр өкмөттүн негизги максаты аны ачык-айкын, мыйзамдын чегинде уюштурулушуна шарт түзүү экенин белгилеп, саясий партияларды буга көмөктөшүүгө чакырды. Темир Сариев бул үчүн быйылкы шайлоо биометрикалык маалымат топтоо аркылуу жаңы технология шартында өткөрүлүп жатканын белгилеп, учурда өлкө боюнча биометрикалык маалыматтын негизинде 2 миллион 633 миң 814 жарандын тизмеси такталганын билдирди. Премьер-министр биометрикалык маалыматты топтоо 18-сентябрь кечке чейин уланарын эскертип, шайлоого биометрикалык маалымат тапшырган жарандарга гана киргизилерин маалымдады.

“Биометрикалык маалымат топтоону  киргизүүнүн негизги мааниси - «бир шайлоочу - бир добуш» принцибин камсыз кылуу, ошондой эле бюллетендерди эсептөөдө адамдык факторду жоюу”-деди Темир Сариев.

Ошондой эле Премьер-министр шайлоо жана үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө административдик ресурстарды колдонууга жол берилбей турганын билдирип, буга чейин мамлекеттик  жана жергиликтүү өзүн – өзү башкаруу органдары жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине  шайлоого катышкан саясий партияларга үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө бирдей шарт түзүү тапшырмасы берилгенин эске салды.

Муну менен катар Темир Сариев саясий партиялардын лидерлери жана өкүлдөрүнө кайрылып, добуштарды мыйзамсыз жол менен сатып албоого чакырды.

Темир Сариев өкмөт шайлоону мыйзамдын негизинде гана өткөрөрүн ал эми, саясий партиялар шайлоо бүткөн соң бийик саясий маданиятты көргөзүп, аркы мыйзамсыз аракеттерге баруу менен элди көчөгө алып чыкпоого үндөдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий партиялардын өкүлдөрү менен пикир алмашуу болду. Анын жүрүшүндө партия өкүлдөрү үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө кездешип жаткан маселелер боюнча өкмөт жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилеринен жооп алышты.

Суроолорго жооп берип жатып Темир Сариев бул шайлоодо эч бир партияга жан тартпай турганын белгилеп, баардык саясий күчтөргө бирдей шартты түзүп берүүгө убада берди.

[su_carousel source="media: 63369,63370,63371,63372,63373,63374,63375,63376" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү