12

Октябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев Сокулук районундагы логистикалык борборунун ачылышына катышты

Бүгүн, 12-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Темир Сариев Сокулук районундагы “Агропродукт Азия” логистикалык борборунун ачылыш аземине катышты.

Премьер-министр Кыргызстанда алгач болуп ири көлөмдөгү жашылча-жемиш сактоочу логистикалык борбордун ачылышы менен куттуктап, борбор  айыл чарба жана экономикабызга өз пайдасын тийгизет деген ишенимин билдирди .

«Заманбап шарттарга жооп берген, Европалык стандарттын жана голландиялык үлгүнүн негизинде курулган борбордун демилгечилери жаш, жигердүү жана демилгелүү жигиттер экени бизди абдан кубандырат.2700 чарчы метр аянтка жайгашып, үч миң тоннага чейин жашылча-жемишти сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон бул логистикалык борбордун Чүй аймагы үчүн эле эмес, жалпы өлкө масштабында маанилүү окуялардын бири болууда»-деди Премьер-министр.

Бул борбордун ишке берилиши Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуу менен айыл чарба жана кайра иштетүү тармагын жанданттуу жаатында активдүү иш-аракеттердин башталган тапка дал келгени өзгөчө мааниге ээ экенин Темир Сариев кошумчалады.

Премьер-министрдин маалыматында, түшүмдү жыйноо жана сактоо боюнча  эски стандарттар боюнча сакталып, учурдун талабына жооп бербегендиктен биздин дыйкандар өндүргөн продукциясынын 30-40 %ке чейин  сактоодо, ташып жеткирүүдө жана сатууда жоготуп жатат

Бул маселени чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул сыяктуу логистикалык борборлорду, жашылча-жемиш сактоочу жайларды жана күнөсканаларды куруу боюнча иштери аткарууда.

«Быйыл 25-августта 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорунун системасын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча өкмөттүн токтому кабыл алынды. Токтомго ылайык, Кыргызстандын аймагында 2017-жылга чейин эки эл аралык соода-логистикалык борборду жана 7 аймактык логистикалык борборду куруу каралган»-деди Темир Сариев.

Премьер-министрдин айтымында, соода-логистикалык борборлорду куруу айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жашылча-жемиш продукцияларын сактоого, бөлүштүрүүгө жана ташууга коротулган каражаттарынын-50%га азайтат. Дыйкандарга тиешелүү шарттарды түзүп, жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу максатында быйыл өлкөдөгү 8500гө дыйкан-фермерге 3 миллиард сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилгенин Темир Сариев кошумчалады.

«Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондунан насыяларды алуу менен дал ушундай логистикалык борборлорду, кампаларды, санитардык нормаларга жооп берген мал союучу цехтерди курууга болот. Мен буга чейин ар бир  акимге жылдын аягына чейин өз районунда 10дон кем эмес ишкана ачуу тапшырмасын бергем. Бул аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүп, аларды дотациядан чыгарууга өбөлгө болмокчу»-деп билдирди Премьер-министр.

[su_carousel source="media: 64963,64964,64965,64966,64967,64968,64969,64970,64971,64972,64973,64974" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү