16
Февраль
Премьер-министр Темир Сариев: “Үстүбүздөгү жылы иштетилбей калган жерлердин аянтын 5-6 миң га дейре кыскартуу милдети коюлган”
Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын “Биринчи радиосунун” түз эфиринде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев билдирди.
Өкмөт башчынын айтымында, республикада айдоо аянттарынын аздыгына басым жасап келебиз, ошол эле учурда өлкөнүн түштүк аймагында айдалбай калган аянттар көп кездешет.
“Айдалбай калган жерлер убагында насос менен сугарылчу, кийинчирээк суу чыкпай калган жерлер талкаланып калган. Же камыш басып же саздак болуп кеткен. Мунун баарын тең мойнубузга алышыбыз керек, былтыр өлкөдө 90 миң гектар иштетилбей калып калган. Айрым жерлерде кайра иштетүү фондунун карамагында калып калган жерлер, кайрак жерлер же алысыраак жайгашкан жерлер деп калтырылган аянттар кездешет. Өкмөт бул маселеге көңүл буруп, быйыл дың жерлердин аянтын 5-6 миң га кыскартуу боюнча талап коюлган”, - деди Темир Сариев.
Премьер-министрдин айтымында, бул маселе боюнча иш жүргүзүлүүдө. Учурда ар бир губернатор жана акимдердин алдында тапшырма коюлган. Натыйжада, ар бир аймактагы жерлердин аянты, алардын кандай багытта пайдаланылып жаткандыгы такталып чыккан.
“Жерге аяр мамиле кылып, көздүн карегиндей сактап, туура пайдалануу керек. Жашыл экономикага багыт алып, экологиялык жактан таза өсүмдүктөргө ыктасак, суроо-талапка муктаж продуктуларды өндүргөн болоор элек.
Темир Саривдин айтымында, бүгүнкү күндө айыл-чарба тармагында жаңы иннновациялык ыкмаларды кеңири жайылтуу менен түшүмдү арттыруу жагына басым жасалууда.
“Бул жаатта республика боюнча 200 га жакын аянтта жайгашкан 800 жакын күнөскана иштетилүүдө. Жакынкы мезгилде алардын аянтын 1 миң га жеткирүү максаты коблган. Аны менен катар 100-200 гектар жерди тамчылатып сугаруу аркылуу иштетүү планыбыз бар. Мындай болгон учурда жер-жерлердеги дыйкандарга азыраак каражат жумшап, мыкты киреше алууга шарт түзүлөт. Биз фитосанитардык көзөмөлдү толук алганбыз. Азыр жашылча-жемиштер эч тоскоолдугу жок сыртка чыгып жатат”, - деп билдирди ал.
Премьер-министр белгилегендей, учурда Өкмөт айыл-чарба продукциясын жөн гана өстүрүү эмес, аны кайрадан иштетүү маселесин күчтөндүрүү аракетин жасоодо. Бул багытта айыл-чарба продуктуларын өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген кредит берүү жаатында да алгылыктуу иштер жүрүүдө.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү