18

Июнь

2015

Премьер-министр Темир Сариев Түркиянын 9-Президенти Сулейман Демирелдин каза болгонун байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 18-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Түркия Республикасынын Премьер-министри Ахмед Давудоглуна аталган өлкөнүн 9-Президенти Сулейман Демирелдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Анда Темир Сариев Түрк элинин оор жоготуусуна байланыштуу өзүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Сулейман Демирел мырзанын жакындарына, ошондой эле бүткүл түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Ошондой эле Премьер-министр Темир Сариев Сулейман Демирелдин эл аралык аренада урмат сыйга ээ көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана тажрыйбалуу саясатчы болгонун жана Түркиянын өнүгүүсүнө, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы туугандык мамилени бекемдөөдө өзүнүн чоң салымын кошконун белгиледи.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү