19
Февраль
Премьер-министр Темир Сариев Тоң районундагы Кара-Саз кыштоосунда малчылардын жашоосунан кабар алды
Бүгүн, 19-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Тоң районундагы Кара-Саз кыштоосунда болуп, малчылардын жашоосунан кабар алды.
Премьер-министр Өкмөт үчүн мал чарбачылыгы маанилүү тармактардын бири экенин белгилеп, бул тармакты өнүктүрүүгө аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. Анын алкагында алыскы кыштоолордо кыштап жаткан фермерлерден кабар алуу жана көйгөйлөрүн чечүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Иш сапардын жүрүшүндө Темир Сариев Кара-Саз кыштоосундагы Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры жана Кыргыз Эл Баатыры Таштанбек Акматов менен жолугушту.
Премьер-министр Таштанбек Акматовдун өлкө алдында эмгеги зор экенин билдирди.
"Ак эмгек менен эки замандын баатыры болгон адам чанда болот. Элге өрнөк болуп, кадыр-барктуу аксакал болдуңуз. Эмгекти даңктоо менен тажрыйбаңыз менен бөлүшүп, жаштарга жол көрсөтүп жатасыз", - деди Темир Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр айыл чарбасын өнүктүрүү жана аталган тармакта жаңы ыкмаларды жайылтуу боюнча аткарылып жатканын иштер боюнча айтып берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү