13
Июнь
Премьер-министр Темир Сариев Токтогул ГЭСинин иши менен таанышты
Бүгүн, 13-июнда, Премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусу боюнча иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСинин иши менен таанышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Темир Сариев ГЭСтеги суунун абалы, андагы оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу кабар алды.
Иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр өлкөнүн Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин, энергетикалык ишканалардын, бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.
Анда Токтогул суу сактагычындагы абал, энергетика жаатындагы көйгөйлүү маселелер, техникалык жоготууларды азайтуу, тармакты эффективдүү башкаруу, сууну үнөмдүү пайдалануу маселелери козголду.
Темир Сариев энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевден Токтогул суу сактагычындагы суу сатуу маселеси боюнча так түшүндүрмөнү талап кылды.
Министр аталган суу сактагычтагы сууну сатуу мүмкүн эместигин билдирди. Ошол эле учурда Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин маалыматына ылайык, техникалык жоготуулар 22% түзөт.
Премьер-министр энергетиктердин алдында техникалык жоготууларды азайтуу, коррупцияга каршы иштерди жүргүзүү, тарифтердин түзүлүшү боюнча калкка туура маалыматтарды жеткирүү маселеси тургандыгын баса белгиледи. “Энергетика – эл байлыгы, андагы коррупциялык схеманы жоюу менен калкты үзгүлтүксүз түрдө жарык менен камсыз кылуу керек. Техникалык жоготуулар бул тармактагы коррупциянын, уурдоонун кесепетинен келип чыгууда. Ошондуктан жоготуулардын аягын тыйып, тармактагы менеджментти жакшыртуу зарыл”, - деп белгиледи өкмөт башчы.
Сөзүнүн жыйынтыгында Темир Сариев энергетиктердин алдына тармактагы жоготуулардын көлөмүн кескин төмөндөтүү тапшырмасын койду.
Ошондой эле Премьер-министр 1-июлга дейре ар-бир ишканага жекече иш-планын иштеп чыгууну талап кылды.
Кыргызстандын Улуттук электр тармактар ишканасынын башкы директору Медетбек Айткуловго энергетикадагы жоготуулардын көлөмүн 5% дейре азайтуу тапшырмасын койду. М. Айткуловдун айтымында, Датка-Кемин электр берүү линиясы үстүбүздөгү жылдын 31-августуна карата ишке берилмекчи.
Өкмөт башчы аталган курулушту өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүлүшүнө басым жасоо зарылдыгын белгиледи.
[su_youtube url="https://www.youtube.com/watch?v=xGt3kozl7ec&feature=youtu.be" width="360" height="620"][su_youtube url="https://www.youtube.com/watch?v=V882vU8kL5s" width="360" height="620"][/su_youtube]
[su_youtube url="https://www.youtube.com/watch?v=BCy2a7o61QY&feature=youtu.be" width="360" height="620"][su_youtube url="https://www.youtube.com/watch?v=V882vU8kL5s" width="360" height="620"][/su_youtube]
[su_carousel source="media: 57505,57506,57507,57508,57509,57510,57511,57512,57513,57514,57515,57516,57517,57518,57519,57520,57521,57522" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү