25

Июль

2015

Премьер-министр Темир Сариев: “Учурда терроризмдин чеги жок, ага каршы жалпылап күрөшүү керек”

Бүгүн, 24-июлда, Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жыйыны болуп өттү. Жыйын жүрүшүндө 2015-жылдын алты айындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу жана “Кыргыз Республикасынын коопсуз мектеп жана мектепке чейинки мекемелер тууралуу мамлекеттик программаны” бекитүү маселеси каралды.

Жыйынды ачып жатып, Премьер-министр Темир Сариев өлкөдөгү саясий, социалдык абал боюнча маалымат берип, акыркы окуялар боюнча өзүнүн пикирин билдирди.

Темир Сариевдин айтымында, 16-июлда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин адискөй аракетинин аркасында Бишкек шаарында эл аралык террордук топтун төрт мүчөсү жок кылынып, жети мүчөсү камакка алынды. Ок атуучу куралдар, жардыргыч заттар менен куралданган аталган куралдуу топ Бишкек шаарында теракт ишке ашырууну пландашкан.

Премьер-министр Темир Сариев бул окуя террорчулукка каршы күрөш, коопсуздук, диний агартуу жана бул жаатта ишти күчөтүү маселелерин кайрадан карап чыгууга мажбурлаганын билдирди.

“Бишкекте 16-июлда болгон окуя, Жакынкы Чыгыштагы аскердик аракеттер, Ирактагы, Афганистандагы, Тунис жана башка өлкөлөрдөгү окуялар диний чөйрөдөгү процесстерге мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бул жааттагы позициясын кайрадан кароого милденттендирет. Учурда терроризмдин чеги жок. Эл аралык террорчул топтордун Кыргызстандын чегине кирүүгө аракет кылганын кабар берет”-деди Темир Сариев.

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана коомчулук бул окуядан туура сабак алып, тиешелүү чараларды көрүү зарылчылыгын туудурганын билдирди. Темир Сариев эң алгач болуп диний чөйрөгө кылдат мамиле жасап, өз кызыкчылыгына пайдаланууга жол берөө керектигин белгиледи.

“Дин маселесин саясатка айлантып, аны өз кызыкчылыгына айлантам дегендерге жок деп так кесе айтышыбыз керек. Учурда элибиздин салттарына жат болгон көрүнүштөрдү динге жамынып таңуулоо аракетине каршы турушубуз керек. Кыргыз элинин жазылбаса да илгертеден бери сакталып келген салттары, маданияты, кийимдери бар. Мына ошолорду сактоого жалпы коомчулук биргеликте аракет көрүшүбүз керек”-деди Темир Сариев.

Буга байланыштуу бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдарына бул маселеге байланыштуу элге туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле Премьер-министр жалпы жарандарга кайрылып, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдарга көмөктөшүүгө чакырды.

“Укук коргоо органларынын, диний жетекчиликтин, билим берүү мекемелеринин, илим ишмерлери жана бийликтин бардык деңгээлдеги органдарынын өкүлдөрү, жарандык коом өкүлдөрү биргеликте бул багытта бирдиктүү иш-аракет алпарышы керек”-деди Темир Сариев.

Ошондой эле Премьер-министр өкмөттүн аппарат жетекчисине 2014-жылдын 14-ноябрында КРнын президентинин жарлыгы менен бекитилген диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча концепциянын аткарылышы тууралуу маалымат даярдоо тапшырмасын берди.

КР Өкмɵтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бɵлүмү