09

Ноябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев: “Учурдагы шартта өкмөт ыкчам жана терең ойлонулган антикризистик чараларды ишке ашыры керек”

Бүгүн, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында республикалык бюджеттин аткарылышы жана ата мекендик өндүрүшчүлөргө колдоо маселелерин талкуулаган жумушчу жыйын өттү.

Премьер-министр Темир Сариев учурдагы дүйнөлүк кризисттин шартында мамлекеттик тиешелүү органдар ишти күчөтүп, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу боюнча салык, бажы төлөмдөрүн чогултуунү жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Бул жаатта Мамлекеттик Салык кызматы жана Бажы кызматынын жетекчилерине ишти күчөтүүнү тапшырды. Премьер-министр салык жана бажы төлөмдөрүн чогултууда анализди күчөтүп, бул төлөмдөрдү төлөөдөн качкан ишкерлерге катуу чараларды көрүү керек экенин билдирди.

“Президент жана Өкмөт убада кылгандай, Кыргызстанды “бизнес үчүн бейиш жайга” айландырып, бардык шартты түзүп берүүгө аракет кылууда. Бул багытта текшерүүлөрдү азайтып, бюрократиялык убаракерчиликтерди жок кылуу, электрондук отчет жүргүзүүгө өтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ошол эле учурда ким салыкты төлөбөсө, мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарбаса, ага карата катуу чаралар көрүлүшү керек. Биз “ким салыкты толук төлөп, мыйзамды аткарса, колдоого ээ болот, төлөбөсө тиешелүү чаралар көрүлөт” деген негизде иш алып барышыбыз керек. Бул боюнча мамлекеттик органдар терең анализденген иш жүргүзүп, ак ниет, жоопкерчиликтүү ишкерлерге жардам көрсөтүп, ал эми мыйзамда көрсөтүлгөн талапты аткарбагандарга тиешелүү чараларды көрүш керек”, - деди Темир Сариев.

Ошол эле учурда Премьер-министр өлкөдөгү бааларды туруктуу кармоо жана кескин кымбатташына жол бербөө үчүн Өкмөт алдындагы Монополияны жөнгө салуу агенттигинин ишин жакшыртууну талап кылды.

Темир Сариев дүйнөдөгү экономикалык кризис шартында Өкмөт ыкчам жана терең анализденген антикризистик чараларды көрүшү зарыл экенин белгиледи.

“Дүйнөдө экономикалык кризис жүрүп жатат. Буга биз кечиктирилгис чараларды көрүү менен макроэкономикалык резервдерди толугу менен колдонууга аракет көрүүбүз керек. Дал ушундай кырдаалда өлкөнүн экспорттук потенциалын толук пайдаланып, кайра иштетүү, айыл чарба жана тигүү тармактарына колдоону күчөтүү зарыл”, - деди Темир Сариев.

Муну менен катар Премьер-министр Темир Сариев бардык мамлекеттик органдарды бизнес коомчулук менен байланышты күчөтүп, учурдагы шартта биргеликте иш алып баруу тапшырмасын берди.

[su_carousel source="media: 66197,66198,66199,66200,66201" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү