29
Июнь
Премьер-министр Темир Сариев УКМК жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын кызматкерлери катышкан окуяны териштирүү тапшырмасын берди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет алдындагы Коррупцияга каршы кызматы жана Өкмөт алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш мамлекеттик кызматынын кызматкерлери катышкан окуяны териштирип чыгуу тапшырмасын берди. Премьер-министр Темир Сариев 27-июнда өткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында күч органдарынын кызматкерлеринин ортосундагы мындай кырдаалдын жаралышы жаман көрүнүш экенин белгиледи.
Өкмөт башчысы мындай окуяларга жол бергени үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш мамлекеттик кызматынын төрагасы Бактыбек Ашыровго сөгүш жарыялады.
Ал эми коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бусурманкул Таабалдиевге түзүлгөн кырдаалды тыкыр иликтеп чыгууну тапшырды.
Премьер-министр Темир Сариев иликтөө жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенинин эскертти.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү