23

Июль

2015

Премьер-министр Темир Сариев: «Укук коргоо органдары бизнес-коомчулуктун ишкердүүлүк жүргүзүүсүнɵ тоскоолдук келтирбеши тийиш»

Бул туурасында бүгүн, 22-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулууга даярдык кɵрүүсү алкагындагы кеңешмеде билдирди.

Министрлер кабинетинин жетекчисинин айтымында, ɵкмɵт тарабынан бизнес-коомчулукка максималдуу кɵмɵк кɵрсɵтүлɵт.

Буга байланыштуу Темир Сариев бардык тийиштүү органдарга, тактап айтканда КР Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетине, КР МУКК караштуу Антикоррупциялык кызматка жана КР ИИМ бизнес ɵкүлдɵрүнɵ тоскоолдук келтирбɵɵ тапшырмасын берди.

Премьер-министр текшерүүчү органдар тарабынан мыйзамсыз текшерүүлɵргɵ жол берилбеши кажеттигин билдирди. Ошондой эле Темир Сариев белгилегендей, мамлекеттик органдар ишкерликтин ɵнүгүүсүнɵ тоскоолдук келтирбестен, тескерисинче, анын ɵнүгүүсүнɵ кɵмɵктɵшүүсү зарыл.

КР ɵкмɵтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бɵлүмү