23
Декабрь
Премьер-министр Темир Сариев: «Улуттук долбоорлор белгиленген мөөнөтүндө аткарылууда»
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жогорку Кенештин «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланган жыйында билдирди.
Премьер-министрдин маалыматында, 2017-жылга чейин Улуттук Туруктуу өнүгүү стратегиясында 77 улуттук долбоорду ишке ашыруу пландалып, ал 11 миллиард долларга эсептелген.
Премьер-министр учурда бул долбоорлордун 692 миллион доллар суммасындагы 23 долбоору толугу менен менен бүткөрүлүп, ишке берилгенин билдирди. Учурда 45 долбоор аткарылып, 2 долбоор баштоо алдында турат. Ал эми 13 долбоорду ишке ашыруу үчүн каражат каралууда.
“Республикада Улуттук Туруктуу өнүгүү стратегиясында каралган улуттук долбоорлор аткарылып жатат. Алар каралып, кошумча долбоор киргизилиши мүмкүн. Мисалы, учурда өкмөт ишке ашырып жаткан Ысык-Көл шакекче жолу сыяктуу ири долбоорлор Улуттук стратегияга киргизилген эмес”, - деди Темир Сариев.
Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуттук Туруктуу өнүгүү стратегиясында каралган Улуттук долбоорлорду аткаруу үчүн бардык аракеттер көрүлүп, тийиштүү иш-чаралар аткарылып жатканын кошумчалады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү