27

Ноябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев валюта рыногундагы абал жана улуттук валютанын курсун турукташтыруу чаралары боюнча билдирүү жасады

Бүгүн, 27-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Өкмөт жыйынында валюта рыногундагы абал жана улуттук валютанын курсун турукташтыруу чаралары боюнча атайын билдирүү жасады.

Премьер-министр Темир Сариев 26-ноябрда өлкөнүн валюта рыногунда улуттук валютанынын курсунда кескин секирик болуп, 79 сомго чейин жеткенин билдирди. Мындай абал валюта рыногундагы спекулятивдик  аракеттердин жана айрым коммерциялык банктардын туура эмес иш чараларынын натыйжасында жаралганынын Премьер-министр ачыкка чыгарды.

“Кыргызстанда сомдун курсу эркин коюлган. Мында валюталык интервенциялар  сом курсунун кескин секириктерге жол бербөө максатында ишке ашырылат. Буга байланыштуу мен учурда улуттук валютанын курсунун кескин секиригине жол бербеши үчүн жетиштүү деңгээлде резервдер бар экенин билдиргим келет. Кечээ Улуттук Банк интервенцияны ишке ашырган соң валюта рыногундагы абал турукташты”, - деди Темир Сариев.

Буга карабастан, дүйнөдөгү валюталык рынокто доллардын курсу бекемделип, жыл башынан бери 26 пайызга кымбаттаганын Темир Сариев кошумчалады. Буга байланыштуу Премьер-министр Кыргыз Республикасынынын Өкмөтү улуттук валютанын курсун турукташтыруу боюнча бир нече чаралар көрүлөөрүн билдирди.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасында экспортту стимулдаштыруу жана жеңилдетилген насыяларды берүү менен экспорттук өнөр жайды колдоо боюнча программа ишке ашырылат. Туризм тармагын өнүктүрүү менен валюталык агымды алып келүүгө жол ачуу жана салык мыйзамдарын  реформалап, өлкөдөгү бизнес жүргүзүү шарттарын түзүү боюнча иштерди активдештирүү зарыл. Кирешелерди администрациялоонун деңгээлин жогорулатуу жана контрабандалык товарларды алып кирүүгө көзөмөл күчөтүлөт.

Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү сатып алууда улуттук валюта аркылуу иш жүргүзүүгө өтүү каралмакчы.

Ошондой эле Премьер-министр  Темир Сариев Өкмөт алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы, Салык кызматы жана Улуттук Банк менен бирге лизенциясы жок иш алып барган акча алмаштыруу жайларга көзөмөлдү күчөтүү жана биргелешкен рейддерди уюштуруу, Монополиянын жөнгө салуу агенттиги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы, Салык кызматы менен бирге өлкдөгү төлөөнүн жалгыз каражаты катары сомду караган “Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы” жөнүндө мыйзамдын 16-беренесинин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Муну менен катар өкмөт башчысы Монополиянын жөнгө салуу агенттигине кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү сатып алууда улуттук валютаны пайдалануу, өлкөдөгү товар жана кызмат көрсөтүүнүнүн баасын, анын ичинде жарнамалык материалдардагы маалыматты улуттук валютада көрсөтүүнү милдеттендирүүнү көзөмөлдөөнү тапшырды .

Темир Сариев жергиликтүү бийлик органдары жана укук коргоо органдарына аймактарда товар жана кызматтын баасы жана алып-сатууда улуттук валюта менен жүргүзүлүп жатканын көзөмөлдөө тапшырмасын берди.

Экономика жана өнөр жай министрлиги жана Улуттук Банкка “Газпром” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, сатып алууну рубль менен жүргүзүүнү макулдашууну тапшырды.

Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы менен биргеликте  бюджеттик сектордун кызматкерлери үчүн доллардык ипотекалык насыяларды улуттук валютага трансформациялоо тапшырмасын берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү