25

Май

2015

Премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусундагы жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга 440 миң сом бөлдү

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев кол койгон.

Тактап айтканда, буйрукка ылайык, Өкмөттүн резервдик фондунан Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кыр-Жол айылындагы жаратылыш кырсыгынын натыйжасында жабыркаган жарандарга 440 миң сом бөлүнгөн. Жаратылыш кырсыгынын натыйжасында каза болгон жарандардын үй-бүлөсүнө - 50 миң сомдон , ал эми жабыркагандардын үй-бүлөсүнө 20 миң жана 10 миң сомдон бөлүнөт. Бөлүнгөн каражаттар учурда кырсык орун алган жерде жүрүп жаткан вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин жетекчилиги астында түзүлгөн штаб аркылуу ишке ашырылат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү