22
Май
Премьер-министр Темир Сариев өгөй атасы тарабынан 6 жана 10 жашар кыздардын зордукталышы болжолдонгон фактыны жеке көзөмөлүнө алды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев өгөй атасы тарабынан 6 жана 10 жашар кыздардын зордукталышы болжолдонгон фактыны жеке көзөмөлүнө алды.
Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге кыска мөөнөт ичинде балдарды кайрадан медициналык жактан карап чыгууну уюштуруу, тийиштүү учурда медициналык көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.
Буга катар Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Мелис Турганбаевге аталган резонанстуу окуяны объективдүү иликтеп чыгуу тапшырылды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевге орун алган окуянын себептерин талдоого алуу жана эже-сиңди жашаган үй-бүлөдөгү психологиялык абалды иликтөө тапшырмасы берилди.
Атайын окуянын иликтениши жалпы координациялоо жагы Кыргыз Республикасынын социалдык маселелери боюнча вице-премьер-министри Дамира Ниязалиевага жүктөлгөн.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү