13
Ноябрь
Премьер-министр Темир Сариев: «Жакынкы жылдары финансылык жана экономикалык көз карандысыздыкты камсыздообуз керек»
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев бүгүн, 13-ноябрда, Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында билдирди.
Премьер-министр Жогорку Кенеш Өкмөткө жогорку ишеним көрсөтүп, анын курамын бекитип бергенин билдирди.
«Бул – Өкмөт кынтыксыз иштеп, ишинде эч кандай кемчилик жок дегенди билдирбейт. Учурдагы абалды жана Өкмөттүн жөнөкөй эмес кырдаалда иштеп баштаганын эске алуу менен бизге көрсөтүлгөн ишеним болду. Азыр дүйнөлүк экономикалык кризистин таасири көпчүлүк өлкөлөргө сезилип жатат. Алдыбызда өтө көп чакырык турат. Ушундай кырдаалды эске алуу менен Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Президент Өкмөттүн алдына жакынкы жылдары финансылык жана экономикалык көз карандысыздыкка жетишүү боюнча тапшырма койду», - деди Темир Сариев.
Премьер-министр Өкмөт алдыдагы жылдарда ушул маселени аткаруу максатында ыкчам иш алып барышы керектигин билдирди.
Ошондой эле Темир Сариев дагы бир келечектүү багытты – бизнес ачуу жана жүргүзүү үчүн бардык шартты түзүп, Кыргызстанды “бизнес үчүн бейишке айландырууну” атады.
«Ар бир инвестор Кыргызстанда салган каражатынын коопсуз экенине жана анын кайтарылышына бекем ишенип, кепилдик болушу керек. Буга байланыштуу бардык текшерүү жана көзөмөлдөөчү органдарга бизнестин отчеттуулугу жана текшерүүнү иретке салуу боюнча кардиналдуу чараларды иштеп чыгуу тапшырмасын берем. Бизнеске же бирөөнүн мүлкүнө мыйзамсыз түрдө кийлигишүү, бир нерсе талап кылуу аракеттери дароо текшерилип, ага каршы катуу чаралар көрүлүшү керек», - деди Темир Сариев.
Премьер-министр бул багытта вице-премьер-министр Олег Панкратовго жеке жоопкерчилик жүктөлөөрүн маалымдап, жакынкы мөөнөт ичинде инвестиция жана жеке менчикти коргоонун натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды.
Дал ушул тапшырмалар Жогорку Кеңеш бир добуштан жактырып берген Өкмөттүн «Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр» деп аталган жаңы программасындагы 11 приоритеттүү багыттарында камтылган.
«Программадагы негизги багыттар болуп аткаруу бийлигин мобилизациялоо, инвестицияны коргоо жана экспортту колдоо, аймактардын жана заманбап эмгек рыногунун өнүгүшүнө шарт түзүү, жарандарыбыздын социалдык жана маданий жактан өзүн өнүктүрүүсүнө карата бардык мүмкүнчүлүктү түзүү болуп саналат», - деп кошумчалады Премьер-министр.
Бул боюнча Экономика министри Арзыбек Кожошевге Өкмөттүн жаңы программасын ишке ашыруу боюнча иш план иштеп чыгуу тапшырмасы берилгенин эскертти. Иш план конкерттүү, мазмундуу болуп жана анда кайсы орган эмне ишти аткараары жана анын так мөөнөтү көрсөтүлүшү керек. Темир Сариев Өкмөттүн программасынын аткарылышы жеке көзөмөлүндө болоорун белгиледи.
Премьер-министр Өкмөттө мурункудай эле тартип, жоопкерчилик жана иштин сапаты негизги талап бойдон калаарын эскертти
Ошондой эле Премьер-министр Өкмөттүн ишиндеги дагы бир маанилүү өзгөчөлүк катары парламенттеги коалициялык көпчүлүк менен жаңыча форматтагы мамиле түзүүну атады.
«Коалицияга кирген фракциялар Өкмөткө экономикалык, структуралык реформаларды жана улуттук ири инвестициялык долбоорду ишке ашырууга көмөктөшөт. Биздин, жалпыбыздын негизги максатыбыз – өлкөнү тез арада өнүктүрүү. Ошондуктан, Өкмөт менен коалициялык көпчүлүктүн ортосундагы кызматташууну эффективдүү жүргүзүү үчүн Координациялык кеңеш түзүлөт. Бул кеңеште биз үчүн актуалдуу жана маанилүү мыйзам долбоорлор, маселелер талкууланат», - деди Темир Сариев.
Мындан улам Премьер-министр бардык министрлик жана ведомстволор профилдик комитет менен конструктивдүү жана тыгыз иш алып баруусун тапшырды.
[su_carousel source="media: 66629,66633,66632,66631,66630" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү