22

Март

2016

Премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусуна бир күндүк иш-сапар менен барды

Бүгүн, 22-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жалал-Абад облусуна бир күндүк иш-сапар менен барды.

Иш-сапардын алкагында Темир Сариев Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү эл менен жолугуп,  өлкөдөгү орчундуу маселелер боюнча пикир алмашат.

Иш-сапар жүрүшүндө Премьер-министр аталган райондордун активи менен жыйын өткөрүп, учурдагы коомдук-саясий абал жана коопсуздук, чек ара маселелерин талкууламакчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү