13

Июль

2015

Премьер-министр Темир Сариев жана Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди Бишкек шаарындагы Махатма Гандинин айкелинин ачылышына катышты

Бүгүн, 12-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев жана Кыргызстанга расмий сапар менен келген Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди Бишкек шаарындагы улуу ойчул жана гуманист Махатма Гандинин айкелинин ачылыш салтанатына катышты. Салтанатка Бишкек шаарынын тургундары жана Кыргызстанда билим алган индиялык студенттер катышты. Айкелдин ачылыш салтанатында Премьер-министр Темир Сариев сөз сүйлөп, улуу ойчул жана гуманист Махатма Гандинин Бишкекте айкелинин ачылышы абдан маанилүү окуя экенин белгиледи. “Махатма Ганди улуу ойчул, рухий лидер болуу менен бирге өз элинин эгемендиги үчүн күрөшкөн инсан. Гандинин окуучу бүткүл дүйнө жүзүндө мааниге ээ болуу менен фундеманталдык, жалпы дүйнөлүк улуу идеялары бааланып келет. Мунун бир мисалы катар дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанда айкелинин ачылып жатканын айтсак болот. Бул айкелдин ачылышы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы достук мамилени мындан аркы өнүгүшүнө салым кошот”-деди Темир Сариев. Ошондой учурдагы дүйнө терроризм, экстремизм сыяктуу ар кыл чакырыктар менен күрөшүп, коопсуздук абдан маанилүү болуп турган учурда Махатма Гандинин демократия, толеранттуулукка негизделген окуусунун мааниси артып жатканын Темир Сариев белгиледи. “Бишкекте Махатма Гандинин айкелинин ачылышы Кыргызстан менен Индиянын саясий-экономикалык кызматташтыгы менен катар маданий байланышты чыңдайт”-деп билдирди Темир Сариев. Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди Бишкек шаарындагы Махатма Гандинин айкелинин ачуу мүмкүнчүлүк бергени үчүн Кыргызстандын элине жана жетекичилерге ыраазычылык билдирди. Моди Ганди Индияда туулуп өскөнү менен бүткүл дүйнөгө жол көрсөткөн лидер экенин белгиледи. Кыргызстан менен Индия географиялык жактан эле жакын болбостон, тарыхый, маданий жактан көп окшоштуктары бар экенин айткан Моди Индия элинин "Рамаяна" эпосу болсо, кыргыз элинин “Манас” эпосу бар экенин эске салды. “Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолун тандады. Айрымдар узак жылдар авторитардык башкарууда болгон өлкө кантип демократиялык жолго түшсүн деп таң калды. Бирок бул жаатта алгылыктуу жетишкендиктерге жетишкенине күбө болдум”-деди Моди. Муну менен катар Кыргызстанга болгон сапары учурунда өлкө жетекчилиги тарабынан абдан жогорку сый-урматка татыганын билдирип, муну Кыргызстандын Индия элине көрсөткөн сый-урматы катары кабыл алаарын кошумчалады. Муну менен Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга болгон сапары жыйынтыкталды. [su_carousel source="media: 59287,59288,59289,59290,59291,59292,59293,59294,59295,59296" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү